www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Дайырбек Орунбеков “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына жакынкы аралык ичинде кызматтан алынган мурунку чиновниктерди Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө чектөө кою сунушун айтты.
“Жакынкы арада чуулгандуу окуялар менен коштолуп кызматтан кеткен чиновниктерди Кыргызстандын аймагынан чыгарбоо чектөөсү коюлушун тийиштүү органдарга жана Жогорку Кеӊештин депутаттарына демилге кылууну сунуштайм. Себеби, аларга жакынкы арада юридикалык баа берилип, суроолор жаралышы толук мүмкүн. Бүгүн, ТЭЦ окуясына өтө байланышы бар Айбек Калиев кызматынан алынды. Эртеӊ, буларды Кыргызстандан сыйпалап таппай калып жүрбөйлү! ММКларда, Абдиль Сегизбаев, Болот Сүйүнбаевдер Кыргызстандан чыгып кеткени жана Аскарбек Шадиев, Нурканбек Момуналиев баштаган бир канчасы чыгып кетүүгө камынып жатканы жарыяланды”,-дейт Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg