www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-май Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү болгондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү учурунда МККБнын полкунун башчысы Жумаев Канатбек Касымалиевич өздүк курамдын астында сөз сүйлөдү.

--“Арабыздан өткөн кызматкерлер коомдук коопсуздукту сактоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүп анын алдын алууда, алардын аткарган ак милдеттери жана кылган эмгектери эч убакта унутулбайт жана тарых барактарында бекем сакталат”,  – дейт ал. 

Андан сырткары кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үйүнө барып, башкармалыктын атынан акчалай жардамдар тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости