www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов себепкер болгон жол кырсыгынын чоо-жайын айтты.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-май күнү кечки саат 22:30дар чамасында Porche Panamera үлгүсүндөгү автоунаанын 39 жаштагы айдоочусу Түштүк магистралдан Токтоналиев көчөсүнө бурулам деп жатып 28 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп алган.
Жабыркаган кыз Тез жардам кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилип, ага мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
Аталган оорукананын маалымат кызматы 15-май күнү кечки саат 22:30дар чамасында 28 жаштагы кыз жол кырсыгынан жабыркап келгенин тастыктап, бирок ооруканага жатуудан баш тартып кеткенин кабарлады.
ЖКККББ А.Ө. аттуу айдоочунун наркологиялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында мас абалында экени аныкталганын билдирди.
Аталган иш Жоруктар кодексине ылайык каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулган.
Эске салсак, депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен.
Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтогон. Бирок Азамат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, өзү арыз жазган. Сот отуруму бир нече жолу жылдырылган болчу. Ошентип сот Азамат Өмүркуловду шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыраткан.
Булак: NazarNews.kg