www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 18-сентябрь күнү Аки-пресс сайтына Баткен районунун тургуну Сайтраим Абдилатов “менин балам жол кырсыгын жасаган эмес, Кызыл-Кыя ШИИБү туура эмес текшерүү иштерин жүргүзүп жатат”,- деп пресс конференция өткөргөн. Ошондой эле “Супер кг” интернет сайтында “Уулум соттолгону турат, акыйкат издеп Баткенден Бишкекке аттандым”,- деп 63 жаштагы Сайтраим Абдилатовдун маалыматы жарыяланган.

Ошол себептүү ички иштер министрлиги окуя тууралуу жана тергөө иликтөө иштерини жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталгандыгын билдиребиз. Жол кырсыгы  боюнча тергөө иликтөө иштерини жүрүшүндө 2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде жолчырактын астында белгисиз автоунаа Ош облусунун Араван районунун Найман айылынын тургуну 1977-жылы туулган Н. Маманазаровду койдуруп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 41 жаштагы Н.Маманазаров денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кызыл Кыя шаардык ички иштер бөлүмүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасыны кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Тергөө иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон мезгилдеги жана окуя болгон жерге жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынып кароо жүргүзүлүп, ошонун жыйынтыгында Баткен районунун тургуну 20 жаштагы Саитраим уулу Кимсанбайга таандык болгон “Тойота-Камри” болгон мамлекеттик 01KG 028 АВТ үлгүсүндөгү автоунаасы аныкталып кармалган.

Калыстардын катышуусунда кармалган автоунаага кароо жүргүзүлгөндө, алдыңкы крылосу менен бамперинин астынан кызыл түстөгү канга окшош тактар алынып, окуя болгон жерден алынган канга окшош кандын тактары, автоунаадан алынган тактар жана маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусунда маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Ошондой эле соттук медициналык экспертизанын корутундусунда 41жаштагы Н. Маманазаров авто жол кырсыгынан баш сөөгүнөн алган жараатынан улам каза болгондугу аныкталган. Ал эми Саитраим уулу Кимсанбай 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, ага айыбы угузулуп,  Кызыл Кыя шаардык сотунун чечими менен 27-октябрга чейин Кызыл Кыя ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 Жол кырсыгына шектүү “Камри” автоунаасы калыстардын катышуусунда таануу процесси жүргүзүлүп, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайрадан карап чыгып, тиешелүү протоколодор түзүлгөн соң, автоунаа  атайын жайга токтотулган. Ошол жол кырсыгы болгон түнү окуяга күбө болгон Кызыл Кыя шаарынын тургундары 19912-жылы туулган Г.Ж. жана 1991-жылы туулган А.К. тергөөгө өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бүгүн, 26 сентябрда эртен менен Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык жол кырсыгына күнөөлүү деп камакка алынган Саитраим уулу Кимсанбайдын Бишкекке акыйкат издеп жөө аттандым деген атасы Сайтраим Абдилатовду туугандары үйүнө алып келишкендигин жана азыркы учурда алар Ош областынын Араван районунун тургуну 1977-жылы туулган, жол кырсыгынын кесепетинен каза болуп калган Н. Маманазаровдун туугандары менен телефон аркылуу  байланышып, жол кырсыгына биздин уул себепкер болду деп, күнөөлөрүн мойнуна алышып, кечирим суроо максатын көздөшүп Баткен районунан Кызыл Кыя шаарына келишип мейманканада түнөшкөндүгү аныкталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуянын андан аркы өнүгүшү тууралуу да кошумча маалымат билдирет.

Бирок баса белгилеп айтып кете турган нерсе, бүгүнкү күндө ИИМдин тергөө кызматы аталган фактыга байланыштуу  козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдарынын мыйзамдуулугун жана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттуулугун текшерүүгө алып баштады.

Окуя кандай өнүккөнүнө карабастан адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш ишин мыйзам чегинде акыйкат тергөө процесстерин жүргүзүү жана акыйыктуулукту орнотуу ИИМдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат деп билдирет ИИМдин Басма Сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости