www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Кызжибек Курманалиева аттуу жаран кайрылып, жолдошу Элдияр Мамитовго карата адилеттүү чечим чыгарууну өтүндү. Бул боюнча ал Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге кайрылуу жасады:

«Мен сизге кайрылуумдун себеби, биздин өлкөдөгү укук коргоо жана сот органдарында иштеп жаткан айрым кызматкерлер адам укугун тебелеп жатат.

2019-жылдын 6-июль күнү Халиков Саид кокусунан тамдын башынан кулап кетип каза болуп калган. Анын өлүмүнө менин жолдошум Мамитов Элдиярды күнөөлөп, камап коюшту. Тергөө башталып жатканда биз бардыгы акыйкат каралып, туура чечим чыгарылат деп ойлогонбуз. Себеби, тергөөчү эмес башка адамдарга деле менин жолдошум досун атайылап өлтүрбөгөнү, кокустук болуп кеткени баардыгы билип жаткан. Анын үстүнө менин жолдошумда аны өлтүрө турган себеп, негиз деле жок болчу.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, протокол жазышканда кокусунан жыгылып каза болгонун түшүнүп эле кетишкен. Андан кийин бул иш тергөөчү Б.Насирдиновго берилип, ал Э.Мамитовду күбө катары суракка алып, мыйзамсыз КР ЖПКнин 138-бер. 3- бөлүгү менен шектүү катары камакка алып, мыйзам бузган. Болбосо 138-берене менен шектүү катары камакка алууга болбойт эле. Себеби, милиция барып кароо жүргүзгөн учурда С.Халиков өлүк болгон, андыктан бул факт өлүк катары квалификацияланышы керек болчу. Бирок тергөөчү өзүнө ылайыктап, мыйзамды бузуп, Э.Мамитовго укуктарын түшүндүрбөй, өзүнө караштуу адвокат менен иш жүргүзгөн. Мыйзам чегинде ага шектелгендиги жөнүндө кабарлама чыгарбастан, аны шектүү катары суракка алып, негизсиз жана мыйзамсыз камакка алган.

Протоколдорду бул формальность эле деп окутпай кол койдурган. Ошондой эле, тергөөчү өзүнө караштуу А.Иминов деген адвокатты катыштырып, протоколго тергөөчү мойнума алам деген сөздөрдү булар кол койгондон кийин өзү кошуп жазып койгон. Тергөөчү Б.Насирдинов андан кийин өзүнө караштуу Давлатхан деген адвокатты катыштырып, ал аркылуу менден 100 000 (жүз миң) сом сураткан. Давлатхандын айтуусу менен ошол 100 000 (жүз миң) сомго жолдошумду бошотуп берүүсүн убада кылган. Бул адвокаттар менен эч кимибиз келишим түзгөн эмеспиз. Ал турсун алардын катышканын да билген эмеспиз.

Башында жабырлануучунун жубайы өзү деле кокустан жыгылып кеткенин түшүнүп, кырсык болду деп жаткан. Бирок, тергөөчү Б.Насирдиновго суракка кирип чыккандан кийин эле күнөөнү жолдошума коюп, өлтүрдү деп күнөөлөй баштады. Ал турсун тезинен телевидениеге тарттырып, интернетке чыгарды.

Айтмакчы, тергөөчү Б.Насирдинов менин жолдошум Э.Мамитов камалып турган жерге эки жолу кирип, «жабырлануучунун оозун жапсаң, сени чыгарып берем» дейт. Бирок, жолдошум Э.Мамитов анын айтканына көнбөй урушуп кетет. Тергөөчү ызааланып «керек болсо сенин ишиңди өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрдү деп сотко өткөзөм» - дейт.  Анын сөзүнөн кийин күйөөм Э.Мамитов тергөөчүнү иштен четтетүү жөнүндө арыз менен ИИБнын жетекчилигине жана Сузак райондук прокуратурасына кайрылган, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Тескерисинче, тергөөчү ишти фальсификациялап туруп мыйзамсыз сотко өткөзүп берген.

 Ошондой эле тергөөчү материалдык кызыкчылык үчүн каза болгон жигиттин аялына бардыгын үйрөтүп, аны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жолдошума доомат коюуга көндүргөн. Башында тергөөчүнүн мындай шылуундук ыкмаларын жакшы түшүнгөн эмеспиз. Көрсө, анын алкымы тууралуу эл арасында толгон-токой маалымат бар экен.

Тагыраагы, тергөөчү Насирдинов ушундай жолдор менен акча жасайт экен. Тергөөчү Б.Насирдинов мындан башка иш боюнча да ушундай жол менен, чыныгы кылмышкер Осмоналиев Умидилладан 75 миң сом алып, бошотуп жиберип, анын ордуна эч бир күнөөсү жок адамдын мойнуна анын кылмышын илип койгон деген маалымат да бар.   

Тергөөчү Б.Насирдинов акча алып, берген акчанын өлчөмүнө жараша статьяларды койгону боюнча да эки күбөм бар. Алар дагы Б.Насирдиновдун үстүнөн арыз жазышып кайрадан иштерин каратышууда.

Биз чындыкка, мыйзамга таянып тергөөчү сураткан сумманы бербегенибиз үчүн жолдошум ак жеринен эки жылдан бери Жалал-Абаддагы ИВСте отурат.

Биз, тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттерин сот тарабынан мыйзамдуу жана акыйкат каралат деп үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы, Сузак райондук сотунун судьясы Токтосунов ого бетер мыйзамсыздыкты көрсөтүп, бир тараптуу жана формалдуу процесс алып барып, судьяга берилген четтетүү жана экспертиза дайындоо жөнүндөгү өтүнүчтөрдү канааттандырбай, негизсиз жана мыйзамсыз түрдө каралоо өкүм чыгарып, 15 жыл берген. Адамдын тагдырына караганда сот өзүнүн кызматына кызыгат экен.

Б.Насирдинов тергөөчүлүк кызматын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз эле адамдардын тагдыры менен ойной береби? Тергөөчү мыйзамсыз эле өзүнүн оюнан эле мыйзамсыз тергөө экспериментин жүргүздүм деп жазып койсо, соттолуп кете береби?  Урматтуу, Курманкул мырза, жогорудагылардын негизинде, адамдардын убал сообунан коркпой каражат табууну гана көздөгөн тергөөчү Б.Насирдиновго карата кылмыш ишин козгоп, адилеттүүлүк үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып берүүңүздү суранам. Мендей болуп эч бир аял азап тартпасын жана менин жолдошумдай болуп, эч ким ак жеринен караланбасын дейт элем», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости