www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент коронавируска каршы

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы Караганда фармацевтикалык заводу чыгарган Россиянын "Спутник V" вакцинасын алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкө башчынын маалымат катчысы Берик Уалиге шилтеме берип жазды.

"Президенттин вакцина сайдыргандан кийинки абалы жакшы, препараттын кыйыр таасири байкалган жок. Өлкө башчы ооруну жеңип, кадимки жашоого кайтууга жарандарды эмдөөдөн өткөрүү жана жамааттык иммунитеттин пайда болушу жардам берерине ишенет", - деп билдирген Уали.

Маалымат катчы Токаев казакстандыктарды вакцина алууга үндөп жатканын белгиледи.

Эске салсак, былтыртан тарта Казакстанда Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өндүрүү пландалып, ал февралда чыгарыла баштаган.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости