www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Ала-Бука аймактык ооруканасындагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп бир топ жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Турабекова Кызжибек Замирбековна менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
“Быйылкы жыл биз үчүн жемиштүү болду. Шарттар жакшырып, ишибиз алдыга жылууда”
-Ала-Бука районундагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн иши жылдан жылга жакшырууда. Тагыраагы, 2020-жылдын башынан тартып, толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Башында ысык суу, жуунучу жай (ванна) жок болсо, азыр бейтаптар үчүн баардык шарттар түзүлүп, ысык суу чыгарылып, ажаткана да бөлүмдүн ичинде орнотулду. Жыл башында ремонт иштери башталып, 19-мартта ишке берилди. Ага чейин биздин бөлүмдүн шарты чынында мактанаарлык эмес эле. Ысык суусу, муздак суусу жана имараттын ичинде атайын дааратканасы жана жуунууга ыңгайлуу ванна, душу жок болчу. Мындан улам гепатит менен ооругандар сыртка чыгып, көп убарачылыктар жаралчу. Азыр ар бир палатага ванна, даараткана орнотулуп, пациенттер үчүн заманбап шарттар түзүлдү. Ошондой эле вип палаталар да ачылды. Вип палатада 4 кондиционер, 4 кислороддук концентрат, илдет менен күрөшүүчү аппарат да жайгашкан. Буюрса, биздин аймактык оорукананын шарты улам жакшырып, илдет менен күрөшө турган аппараттар да жетиштүү. Быйылкы жыл биз үчүн жемиштүү, ийгиликтүү жакшы жыл болду. Бир жылдын аралыгында эле бир топ иштер жүзөгө ашты. Медициналык кызматкерлер, кайрылган элдер да бул жетишкендиктерибизге сүйүнүп жатышат. Эгерде ооруканада оңдоо иштери жүргүзүлбөй, мурунку аргасыз абалда болгондо элди тычсыздандырып, түйшүккө салган COVID 19 илдетин дарылоодо бир топ кыйынчылыктар жаралмак. Кудайга шүгүр, азыркы шартыбызга ыраазы болуу менен элге ак кызмат кылып отурабыз.
“COVID 19 илдетине кабылган 34 бейтапты дарыладык”
-Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында COVID 19 илдети менен жабыркаган биринчи оорулууну кабыл алып, өз көмөгүбүздү көрсөттүк. Азыркы учурда так ошондой илдетке кабылган дагы бир адам дарыланууда. Жалпысынан бул илдетке чалдыккан 34 адам дарыланып чыкты. Пандемия менен күрөшүүдө башында тийиштүү медициналык каражаттардын жоктугунан кыйналсак да, азыр баардыгы жетиштүү. Илдетке каршы колдонулуучу формаларбыз, коргонуучу каражаттарыбыз бар. Баса белгилеп айтаарым, дарыгерлерге болгон шарттар да мурдагыдан көп эсе жакшырды. Ак халатчандардын ак эмгектери бааланып, тынымсыз камкордуктар көрүлүп жатканы жүрөк жылытат. Бардык муктаждыктар эске алынууда. Эпидемия менен күрөшкөн топтор 14 күн овсервацияда, 14 күн госпиталда, ал эми иштеген каражаттары толугу менен төлөнүп берилди. Жапа тырмак илдетти жеңгенге аракетибизди жумшап жатабыз, буга биздин кайратыбыз, маанайыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз да жетиштүү.
“Кооптуу илдетке жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек”
-Мыкты, камчы салдырбаган, жоопкерчилигин сезген, бөлүмдүн түйшүгүн көтөргөн кызматкерлерибиздин катарын улуу мед айым Адина Туракулова толуктайт. Ал пандемияга кабылгандарга жардам көрсөтүп, сакайтууда күнү-түнү иштеп, чоң күч берди. Ошондой эле илдетти жеңүүгө кызматкерибиз Назгүл Иманалиева, жаш кадрыбыз Венера Сыдыкова, госпиталда курьер болуп иштеген Орозгүл Артыкованын да жетишээрлик өз салымдары бар. Алар берилгендик менен мактоого татыктуу иш алып барууда. Иш десе ичкен ашын жерге койгон, оорукананын шарты жакшырганынан ырахат алып, чарчап-чаалыкпай иштеген кызматкерлерибиздин жана дарыгерлерге талаптагыдай жакшы шарт түзүүгө дилгирленген жетекчилигибиздин колдоосу менен дүйнөнүн булуң-бурчуна жайылган пандемияны буюрса ынтымакта жеңебиз деген ниеттемин. Элдин башына түшкөн оор күндөр артта калып, мурдагы бакубат жашообузга кайтып келебиз деп ишенем. Ал үчүн баарыбыз талаптарды жана эрежелерди сактап, вирусту жайылтууга жол бербешибиз абзел. Медиктер сыяктуу эле ар бир жаран илдет менен күрөшүп, бири-бирине жарандык көзөмөлдү күчөтүшү керек. Антпесе бул илдет элдин шайын оодарып, эртеңки күнгө карата толгон көйгөйлөрдү жаратат. Оорудан арылып, жай турмушка кайтуу үчүн баарыбыз жапа тырмак эрежелерди сактап, эл топтошкон жерге барбай, өзүбүзгө-өзүбүз сак болуп, үй-бүлөбүзгө карантин жарыялап, өзүбүздүн да, башкалардын да ден соолугуна кам көрүшүбүз бүгүнкү күндүн негизги талабы болууда. Анткени, COVID 19 эң эле опурталдуу вирус экендигине баарыбыз күбөбүз. Ал бир заматта эле өтүшүп кетип, өпкөнү кагынткан абалга жеткирип, адамдын демин кыстыктырып жатат. Бул илдеттен айыга албай, көптөгөн замандаштарыбыз өмүрү менен кош айтышып жатканы өтө өкүнүчтүү. Мындан улам баарыбыз кооптуу илдетке жоопкерчилик менен мамиле кылып, чогу-чаран ооруну жеңишибиз керек.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg