www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Тергөө кызматы чет элдик медициналык жабдууларды алууда аныкталган коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан “Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкуловго жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин бир катар кызмат адамдарына карата кылмыш иши иликтенип жатат.

Кылмыш иши чет өлкөлүк техникалык кредиттердин алкагында Кыргызстанга жеткирилген медициналык жабдууларды мыйзамсыз алуу жана ыйгарып алуу менен байланышкан коррупциялык схемалар боюнча козголгон.

1997-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети тарабынан медициналык билим берүүнү өнүктүрүү максатында “КМУУнун Медициналык борбору “ИнтерГоспиталь” ЖЧКсы түзүлүп, анын директору болуп А.Исманкулов дайындалган.

1998-жылы “Медисон Ко. ЛТД” кореялык компаниясы менен КМУУнун проректору А.Исманкуловдун ортосунда Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Кийинчерээк, коррупциялык схема боюнча “ИнтерГоспиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылган.

1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион АКШ долларынан ашык акча каражатына медициналык жабдуулар келген. Бирок, Исманкулов тарабынан иштелип чыккан схема боюнча КМУУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилген. Мында аталган жабдууларды сатып алууга алынган кредит азыркыга чейин төлөнө элек жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер, соттун чечиминин негизинде мамлекетке жүктөлгөн. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион АКШ долларын түзөт.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (коррупция) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Исманкуловго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости