www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин «бешиги термелер менен» президент болсом деген акактаган күчтөр баш көтөрө баштады. Муун-жүнү бошоп жаткан Бабанов, Сапар Исаков сыяктууларга кан айланып, демине-дем кошулуп, тымызын аракеттерин кыла баштады. «Өлө элек аюунун терисин талашкандай» президент болууну эңсеген тымызын күчтөр ким? Себеби, Жапаровдун биринчи мөөнөтү 6 жыл болсо, экинчи мөөнөтү 5 жыл. 2032-жылга чейин азыркы президент талашып жаткандар Конституция боюнча чектен өтүп кетпейби?

Замана кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең.

Кайрадан Кыргызстанга «лидер» издеп,

Куйручук сынчы элге келет экен.

 

Кыргызстанды кыңк эткизбей башкарууга,

Баш болуп кыргыздарга жаш, карыга.

Ишенген өз күчүнө талапкерлер,

Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.

 

Талгарбеков «реформатор» карап-карап,

Кеп жебес талапкерлерди бирден санап.

Эскерип Акаевди «самоотвод» деп,

Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.

 

Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай,

Келе албай турган экен адам далай.

Шарт эле жөнөйт экен угар менен,

Бабанов акчасы көп, заади малай.

 

Куйручук сынчы сынап минтип айтат,

Жүрөгү арстандан кайра тартпайт.

Колу бек, жоомарт эмес чачпайт элге,

Жүргөнү манаптардай дайым шарт-шарт.

 

А БИРОК… кошомат чоң илдет экен,

Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.

Чокчоңдоп колунда жок байкуштарга,

Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен.

 

Куйручук байкап аны жактырбаптыр,

Хандыкка Бабановду чакырбаптыр.

Манаптан киши жокпу эл-журтта деп,

Микрофон алып Кукең бакылдаптыр.

 

Эл-журтту байкай анан сынай карап,

Тактынын көздөй жыла жөнөй калат.

Көздөгөн бул орунду Мадумаров,

Талапкерлерди жиберчүдөй барын сабап.

 

Куйручук сынчы карап сынайт экен,

Жаактууга сөз бербеген абдан чечен.

Кыргыздын ишенимин актай алат,

Манапча айткан сөзгө өзү бекем.

 

Ким жесе издеп жүрүп таптырат дейт,

Аларды камагына жаткырат дейт.

Мыйзамда өлүм жазасын кийирет да,

Жегендин барын тизип аттырат дейт.

 

Хан болсо жайлайт тилин тосуп туруп,

Буйрукту берет үнүн созуп туруп.

А БИРОК… өлкөнү бүт сатып ийер,

Байкатпай мыйзамына кошуп туруп.

 

Деп  сынчы айтат экен карап даана,

Адахан такка чыгып баратканда.

Куйручук Адаханды миллиондогон,

Жөнөтөт хан болсун деп тараканга.

 

Акылбек чыгат экен элге карап,

Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап.

Еврей кире качаар тешик таппай,

Эгерде такка отурса «Кочкор тарап».

 

Куйручук баалайт экен оюу кенен,

Жапаровдун хан болууга жолу кенен.

А БИРОК…кантип аны хан кылабыз?

Койтойгон кичинекей боюу менен.

 

Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр,

Тактыга Жапаровду чакырбаптыр.

Боюу узун барбы адам эл-журтта деп,

Куйручук элге чыгып бакылдаптыр.

 

Бектур Асанов ызы-чуудан алган атак,

Хандыкты алармын деп кылат чатак.

Ким бар деп хан болууга менден башка,

Сынчыны кирген экен сөзгө матап.

 

Тамагын гилас менен майлап койгон,

Тагдырын доллар менен байлап койгон.

Жалал-Абадда губернатор болгон кезде,

Моментин таап туруп жайлап койгон.

 

Боюу бар, боюна чак салмагы бар,

Сөзгө бай, түштүк деген аймагы бар.

Куйручук баасын берет Асановго,

Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар.

 

А БИРОК... Бектур динди кармабаптыр,

Арамбы, адалбы деп тандабаптыр.

Чочкону койдой союп шорпосуна,

Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.

 

Жалал-Абадда өзбек элин калкалаптыр,

Тейитти Текебаев менен бирге талкалаптыр.

Июнда жаңжаал болуп турган кезде,

Таптырбай өз башын өзү калкалаптыр.

 

Деп сынчы Асановдун бактысына,

Кубалап түшөт экен тактысынан.

Шарият жолун туткан бар бекен деп,

Жар салып чакырат дейт сакчысынан.

 

Чыгат дейт Мамытов Талант молдо,

Оо, кудай мына эми өзүң колдо.

Келтирип улам-улам дин келмесин,

Тактыга бара жаткан кыска жолдо.

 

Сынчыга Талант молдо жагыптыр дейт,

Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.

А БИРОК… жаратпаптыр Жапаровго,

Мурдунан жетелетип калыптыр деп.

 

Таланттын шефи менен тандеми бар,

Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар?

Келет дейт Исмаил И. Алай жактан,

Убактылуу Өкмөт жакта ал деми бар.

 

Исаков хан болууга жарар эле,

Бөтөлкө кошуп барын багар эле.

Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы,

«Пахмелге» баш оорутпай табаар эле.

 

А БИРОК…дайым болуп бийлик бута,

Хандыкты алалбайт го эми ута.

Акчасын «денухага» (10-июнь) бүт которуп,

Исаковдун чөнтөктөрү абдан жука.

 

Жулунуп куудулдарды бирден жөөлөп,

Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.

Чөнтөккө доллар, евро салып алып,

Култуңдап Исаков.С калат жөнөп.

 

Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,

Куйручук Сапар жакты беттеп алып.

Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет,

Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып.

 

Бир Сапар качып жүргөн камактан да,

Жарайт го кыргыздарга такка даана.

А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр,

Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.

 

Деп сынчы Сапар. И ни маңкасың деп,

Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.

Турганда «Көтани»  С. келет экен,

Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп.

 

Сынчы айтат мурдун абдан сыйлаймын мен,

Кыргызстанга «Көтанини» хан кылар элем.

А БИРОК… бойдок боло калат экен,

Үйүнөн эки кадам жылаар менен.

 

Деп сынчы кубалаптыр «пойдоксуң» деп,

Сойкуга барганыңды койбопсуң деп.

Аңгыча   келет экен Маматалиев,

Жаш элем бирок кудай колдосун деп.

 

Муштуму улам башка, улам ар ким,

Таптаса чыгар эле андан балким.

Сталиндей режим куруп беремин дейт,

Тургансып бет алдыңда Иосиф «Палкин».

 

А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу?

Хан болуп тапканын бүт коротобу?

Далайга башы бышкан «дед» саясатчылар,

Марленди «молодой» деп тоготобу?

 

Деп сынчы Марленди да жактырбаптыр,

Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр.

Таздарга сыным өтпөйт, көз тиет деп,

Сындоого Алтыш тазды чакырбаптыр.

 

Эркек жок бир топ убак турат экен,

Жулунуп Элмира сулуу чыгат экен.

Сынчынын карт жүрөгү болк дей түшөт,

Сулууну сырдуу карап сынайт экен.

 

«Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң,

Айтайын денеңдин да жылуулугун.

А БИРОК… көтөрө албайт кыргыздар чын,

Тилиңдин заардуулугун,уулуулугун».

 

«Чык эшикке, барыңарды урбайм»-деди,

«Керек болсо сөзүмө турбайм» -деди.

Оштонуп келер менен Бейшеналиев,

 «Кыргызды кайрадан курбайм» -деди.

 

Вакцинанын кереги жок, заман тунук,

Ичкиле «уу коргошун» буттан туруп.

Коколойт прокурорду баш кылат да,

Койот го бүт барын кайра уруп.

 

Бейшеналиев «уу коргошунду»  даңктай -мактай,

Турганда өлгөндөрдүн санын тактай.

Чагылган «чарт» дей түшүп Куйручукту,

Тургандар бир заматта калды таппай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости