www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Financial Times гезитине берген маегинде АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусияга каршы киргизген санкциялары Москванын Украина боюнча позициясына таасир эткен жок деп билдирди.
Ошол эле учурда санкциялык саясаттын өзү Зеленскийдин дооматтарын жаратты. Гезиттин журналисти менен болгон маегинде ал өлкөлөр “Украинаны колдой турганын, бирок ошол эле учурда бизнес жапа чегип калбашы үчүн санкцияларды жеңилдетүү үчүн эмне кылса болорун карап жатышканын” билдирди.
Украинадагы салгылашуулар тууралуу айтып жатып, Зеленский Киев "согуш талаасында жеңишке жетиши керек" деген оюн айтты. Бирок, ошол эле учурда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө каршы эмес экенине ишендирди.
Украинанын президенти Батыш өлкөлөрүн дагы бир жолу ага жардам берүүгө чакырды. «Биз курал жагынан алсызбыз, ошондуктан кол сала албайбыз», - деди Зеленский.
«Биз мындан ары да жоготууларга дуушар болобуз жана адамдар менин башкы приоритетим», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg