www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Босния жана Герцеговинада лагерде кармалып турган жүздөгөн мигранттар полиция менен кагылышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 15-февраль күнү Босниянын  Мирал деген аймагында болгон.

Лагерде жашаган  1000ге жакын мигранттар,  жашаган жериндеги шартка жана кошуна Хорватиянын полициясы аларга каршы күч колдонгонуна нааразы болуп, "Эркиндик!", "Акчабызды кайтаргыла!", "Бизди урганды токтоткула!"  деген уран менен лагерден кетүүгө аракет кылышкан.

Ал эми полиция кызматкерлери,  алардын айрым баш ийбегендерин кармап кеткен.

Мигранттардын айтымында, лагерден 10км алыс жайгашкан Хорватия полициясынын өкүлдөрү аларды токмоктоп, кийимдерин, телефондорун тартып алышкан. Мындай окуя алар чек арадан өтүп жатканда болгону айтылууда. Бирок Хорватиянын расмий органдары муну четке какты.

Эске салсак, ушул тапта, Босниянын лагерлеринде 6 миңге жакын качкын бар. 2019-жылы Пакистандан, Ооганстандан, Ирактан, Мароккодон жана Сириядан Европага бара жаткан 50 миңге жакын мигрант Босния аркылуу өткөн. Алардын бир канчасы Боснияда калган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости