www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лариса Асанбекова: Чилденин суусу ыйык!

Урматтуу достор, 18-январдан 19- январга караган түнү чилденин суусун алып коюӊуздар. Чилденин суусу бардык ооруга шыпаа болот.Парапсихология илимин көп жылдан бери изилдеп окуп жүргөндүктөн чилденин суусу көп илдетке шыпаа экенин көп жылдан бери билем жана өзүм да колдоном.

Бирок, көпчүлүк адамдар чилденин суусун христиан дини менен байланыштырып туура эмес кабыл алып жүрүшөт.Бул туура эмес түшүнүк. Чилденин суусунун ыйыктыгы эч кандай дин менен байланышы жок.Бул космостук энергияга байланыштуу. Байыркы эл чилде убагында суу кандайдыр бир дарылык касиетке ээ болоорун байкашып ден соолук үчүн пайдалана башташкан.Муну байкаган кээ бир диний уюмдар да колдоно баштап,бара бара бул традицияга айланып кеткендиктен диний майрам катары элдин эсинде калган.Чилденин суусуна түшүү менен адам көп илдеттен айыгат, себеби башка күндөргө караганда энергиясы өтө күчтүү болгондуктан адамдагы терс энергетикадан тазалайт.

Мен Новый Уренгой шаарында 10 жыл жашап 40 градус суукта да ушул күнү сууга түшүп жүргөм.Суук тиет, ооруп калабыз деп коркпостон сууга түшүп чыгып, укмуштай керемет өзгөрүүгө туш болчубуз.. Ошол кезде эле орус досторума өзүмдүн ички туюму менен,бул күнү суунун ыйык болушу дин менен эмес космос менен байланыштуу болуш керек деп айтчумун. Булсөздүнчындыгын окумуштуулар далилдеп чыгышыптыр.

Төмөндө окумуштуулардын изилдөөсүн окуп койсоңор болот.Чилденин суусун чилде түшкөндөн баштап алса боло берет деген сөз туура эмес. Себеби, 16-17- январдан баштап акырындык менен заряддалып,18-19 суунун энергиясынын күчү туу чокусуна жетип,кайрадан 20-21- январда төмөндөп мурунку калыбына келип калат.Ошондуктан чилденин суусун кайсы күнү аласыңар өзүңөр чечкиле.

Сууну булактардан,дарыялардын алган жакшы,себеби күндүн нурунан жылдыздардан заряд алган суу крандагы сууга караганда күчтүү болот.Андай мүмкүнчүлүк болбосо 18-19- январда үйдүн суусу деле жөнөкөй күндөгү суудан жүз эсе жакшы.Негизи чилденин суусу бир эки жыл күчүн жоготпой сакталат жана көп ооруга шыпаа болот.Ошондуктан чилденин суусунан көбүрөөк алып койгонунар жакшы.Чилденин суусуна тушуп чыккан адам көп илдеттен арылат.Бирок ички ишеними күчтүү болбосо жана суук тиет деген коркунуч болсо анда сууга түшүүнүн кереги жок. Эмнеден корксонор ошол болот.Баарынарга чың ден соолук,ийгилик каалайм!

Лариса Асанбекова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости