www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи, Сабырбек Жумабеков чыгармачылык инсандарды баалап баарына жардам берип келе жатат. Мындай пикирин белгилүү акын, парапсихолог Лариса Асанбекова билдирди.

Оуу, интернетке кирбей калсам ызы-чуу болуп кетиптир го... Сабырбек Жумабековду иштен алды дейт... Ал адам менин колдоомо деле муктаж болбосо керек. Бирок, өз ыраазычылыгымды билдирбесем болбойт. Асман гезитине жазып, гезит беттеринен гана тааныш болбосок, жакындан тааныш эмес болчубуз. Кудайдын буйругу менен кырсык болуп Сабырбек Жумабековдун колуна түштүм.

Кырсык каш кабактын ортосунда деген чын экен. Каргашалуу 2020-жылы заматта түз жерден жыгылып, бел омурткам сынып тез жардам 4-травматологияга сиренасын кыйкыртып алып келди. Көзүмдөн от чагылып, морфийдин да күчү жетпей, жанымды көзүмө көргөзгөн реанимациядагы бир сутка эч качан унутулбайт. Мына ушундай азаптуу оорудан мени алтын колдуу, касиеттүү ортопед-травмотолог Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап жан кыйнаган азаптан алып калган! Операцияга кетүүчү дары дармектерге гана акча төлөп, операция акысын албай бекер жасап бергенине биринчи алтын колдуу врачка жолуктурган Жаратканга, экинчи Сабырбек Жумабековго чексиз ыраазымын! Элиңиздин керегине жарап, далай адамдардын бата алып соопчулук кыла бериңиз! Негизи, чыгармачылык инсандарды баалап баарына жардам берип келе жатат. Мисалы мен билгенден Меңди Мамазаирова, Анжелика, Асел Кадырбековаларга зор жардам берип бутубузга тургузду. Таазим жана чексиз ыраазычылык Сабырбек Жумабеков!

Ошентип, менин бактыма Сабырбек Жумабеков ошол күнү чет өлкөдөн келип калган экен. Бактыма дегенимдин себеби бар. 2016-жылы авария болуп акырегим сынып анда да 4-траматологияга тез жардам менен келдим. Дежурный врачтар дароо операция жасашты. Эки айдан кийин кайра операция жасоого туура келди... Себеби, сынган акыректи бириктирген темири туура коюлбай калыптыр... Мында да туура эмес операция жасалган болсо балким баспай калмакмын...  Тф-тфу кудай сактасын! Алтын колдуу, касиеттүү асыл адам Сабырбек Жумабекодун жардамы менен Кудайга шүгүр басып жүрөм. Сабырбектей адис адамга жолукпаганда ким билет азыр кандай абалда болмокмун.

Сиңдим да жыгылып жамбаш сөөгү сынып операция болгон, бирок 3 жыл буттары шишип, операция болгон жери ооруп аябай кыйналган. Акыры Сабырбек Жумабеков кайрадан операция жасагандан кийин Кудайга шүгүр азыр жакшы басып жүрөт. Мен операция болуп жатканда бир аял сынган колун үчүнчү жолу операция жасатып жатыптыр. Эки жолу туура эмес жасалып үчүнчү жолкусунда Жумабековко келиптир. Ошондуктан чыныгы адис, өз ишин мыкты билген, алтын колдуу ортопед-травмотолог Сабырбек Жумабековду Кудай колдосун! Эл сыйлаган адис эшикте калбайт. Ишине ийгилик, өзүнө бекем ден-соолук каалайм! Бар болуңуз, эл сыйлаган мыкты адис, Сабырбек Жумабеков!», - деп белгилеген академик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости