www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет. Акылбек Жапаровдун оозу 2010-жылы Таласта күйгөн. Бул тууралуу Талас облусунун тургуну, Апрель Баатыры Төлөгөн Наралиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

«Илгери Курманжан датка энебиз, коркпой-үркпөй эле Россиянын төбөлдөрүнө барып жолугуп Кыргыз эли үчүн көп маселе чечпеди беле. Кийин ага сый жолдонуп...

2022-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаров Талас облусунун жыл-жыйынтыгын чыгарган коллегияга келди.

Бир күн мурда СГОнун же жан-сакчылары келип, А. Жапаровдун бара турган жерлердин ташына чейин текшерилип, эртеси коллегия өтүүчү имаратты «кызыл шапкечендер» тегерете тозушуп, анан коллегия башталды. Жыйынга атайын чакырылган адамдар тизме менен чакыртылып, паспортторун көрсөтүшүп киришти.

Имараттын ичиндеги ар бир эшигине милициялар, борбордон келген СГОнун адамдары турушту. Коллегия шашылыш башталып, шашылыш бүттү. Отчётту талкуулоого бир аким, бир айыл өкмөт үч минуттан сүйлөшүп, жарыш сөз токтоду. Талкуу жок болду.

Өз элинен чоочулап, коркуп, укук коргоо органынын кызматчылары менен өтүшүн кандай деп түшүнсөк болот? «Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей 2010-жыл А. Жапаровдун түшүнө кирдиби? Же СҮР көрсөтүүчү? Же манчыркап, көөп калганбы же чымындай жанын сактап, Талас элине «сыр» көрсөткөнүбү. Мындай жорук тарыхта болбоптур, бүтүндөй калк билсин. Бул жаңылыкбы же кемсинтүүбү?», - деди Наралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости