www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда жер титиреп, илеби 4 балл менен Тажикстан менен Өзбекстанга жетти, кудай сактасын. Оогандык «талибан» бийлиги Казакстандагы болгон башаламандыктарга тиешеси жок экенин саймедиреди. 10-январда Казакстандын президенти Токаев чет элдик «боевиктер», алардын арасында ооганстандык талибдер, Жакынкы Чыгыштагы арабдар Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу кирип, башаламандык уюштурушкан деген. Талибандын маалымат министринин орун басары Забихулла Муджахид орус пропагандачылары тарабынан бул маалымат байма-бай таратылып жатканын, талибдер башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишпей турганын айтып чыкты.

Алаамат учурунда Алматыда террористтерди терип көмгөн көр табылган. Өлүкканадан (морг) белгисиз адамдар уурдап, жашыруун өзүнчө көмүшкөн 41 жоочулардын (боевик) денеси табылды. Эмне үчүн алар жашыруун көмүшкөн, себеби буларды денесинен улуту башка экени билинип, террористтик маанайда Казакстанга келишкени билинип калмак. Канат Таймерденовдун  Telegram-каналынын билдирүүсүнө таянсак башаламандык учурунда жети жолу өлүкканаларга кол салуу болгон. Өлүкканаларга жеткизбей дагы канча  жоочулардын денелери жашырылган? Январь иштери боюнча 695 кылмыш иштери ачылган. Бул ызы-чууда 4578 адам жапа чегип, 225 адам жок кылынган, алардын ичинде 19 милиция кызматкерлери. БУУнун билдирүүсүндө миңдеген адам жарат алган.

Кырдаал 2011-жылы Назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталды. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газды колдонушат.

3 - январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соц тармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилдерде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык- түлүктөр андан бешбетер кымбаттаган.

Ички миграция  борбору Нур-Султанда, эксборбор  Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп,  супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айткан. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрду.

Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берген. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдады. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айтты: “Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деди ал.

Токаев ошондой эле ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирди: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылат президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери киришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews

Последние новости