www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев агай 30 жылдык тарыхыбыздагы кемчиликтер, бүгүнкү мамлекттүүлүгүбүз, президенттин иштери, руханий абалыбыз, чыгармачылыгы тууралуу кеп козгоп берди.
- Мамлекеттүүлүгүбүздүн 30 жылдык тарыхы камтылган илимий китептерди чыгарууга белсенип турупсуз. Отуз жыл аралыгында кандай артыкчылык, кемчиликтерди байкадыңыз? Анализдеп көрдүңүзбү?
- Менин негизги аракетим – илим. Илим тармагында 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келем. 1990-жылдардын башында Илимдер академиясынын тарых институтуна келгем. Илимге келгенден кийин үч жылдан соң кандидаттыгымды жактап, он жылдан кийин докторлукту жактап, азыр тарых илимдеринин доктору, профессормун. Тарых илимдер институтунда башкы илимий кызматкермин. “Кыргызстандын акыркы 30 жылдагы мамлекеттүүлүгү” аттуу теманы алып, китепти жарыкка чыгаруу алдында турам.
Биздин 30 жылдан берки тарыхыбыз тууралуу эки же үч том китеп жарык көрөт. Биринчи эки том негизинен мамлекеттүүлүккө байланыштуу документтер. Мисалы, Кыргызстандын көз карандысыздыгы тууралуу декларация, мамлекетти түзүү жолу чагылдырылат. Жаңы министрликтер түзүлүп, жаңы бийлик органдары, башкаруу органдары түзүлүп, 1995-жылга чейин ошондой аракеттер катуу болуп, биринчи президент, легендарлуу парламент да чоң салым кошуп, сот боюнча реформалар жүрүп, мамлекеттүүлүк биринчи этаптан экинчи этапка өткөн. Азыр биз жаңы типтеги мамлекеттүүлүгүбүз бар. Учурда биз толугу менен президенттик башкарууга өттүк. Ошол мамлекеттүүлүктүн ички механизмдери калыптанды.
Ал арада кемчиликтер да болбой койгон жок. Кээ бир мамлекеттик органдарды кайрадан түзүүгө да дуушар болушкан. Эки жылдан бери архивдерде отуруп, документтерди жыйнап, эки том үчүн иштеп жатам. Актуалдуу, маанилүүлүк жагынан да материалдар арбын. Үчүнчү том болсо монография. Жазма түрүндө документтерге таянып, мамлекетүүлүгүбүзгө анализ берүү шарт. Кемчиликтер арбын. Менчиктерди мамлекеттик менчиктерден ажыратуу, аларды жеке менчикке өткөрүп беребиз (!) деп 1990-95-жылдары бул тармакта көбүрөөк катачылыктар кеткен. Ойлонбой туруп эле менчикке берип салышкан. Көп жылдардан бери жеке менчик өнүгүп келген Батыш өлкөлөрүн туурап, алардын акылдарын угуп, шашылыш түрдө жеке менчикке өттүк.
Бул элди жакырданганга алып келди. Айылдагы сугатка ылайыктуу жакшы жерлерди, малдарды, айыл чарба техникаларын баарын колунда барлар, бийликтегилер, мурдагы башкармалар, башкы агроном, башкы зоотехник ж.б.лар ээлешти. Пара берүү, кадырын салуу орун алып, завод-фабрикалар да болбогон тыйынга кетип, алар иштетилбей, заводдордун ички жабдыктары сатылып, айтор, элдин жашоосуна көп терс таасир жаратты. Анын айынан элдин көпчүлүгү ишсиз калды. Заводфабрикалар жабылып, ошонун айынан миграция кескин күч алды. Кечээ жакында эле жаңы маалымат менен тааныштым. Учурда 1 миллиондой кыргыз жарандары тышкы өлкөлөрдө экен. Мунун баары менчикти туура эмес жүргүзүүнүн кесепетинен жаралды.
- Бүгүнкү мамлекеттүүлүгүбүз, учурдагы президентибиз Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү тууралуу пикириңизди уксак?
- Өлкөнүн өсүп-өнүгүшү, гүлдөшү мамлекеттик жетекчилерден көз каранды. Бүгүнкү күндүн күрөө тамырын кармай билген, экономикабызды, социалдык турмушту кайсы жол менен кандайча алып кетүүнү билсе, көздөсө оңолобуз. Сингапур өлкөсүн баарыбыз билебиз. 30 жылдай аралыкта эле укмуштуудай өнүгүштү. Сингапур өзү чоң шаар, заңгыраган имараттар, таптаза көчөлөр, барып келгендер айтып түгөтө албайт. Көчөдө түкүрүнгөн, тамеки түтөткөн адамдар жокко эсе, баары маданияттуу. Легендарлуу премьерминистри Ли Куан Ю мыкты жетекчи болуп өнүктүрүп койду. Сингапур өлкөсүндөй өнүгүү биздин өлкөгө да буюрсун. Эгерде биздин мурдагы президенттер ак ниет менен жакшы иштеп беришкенде, азыркыга салыштырмалуу бир топ көтөрүлүп калмакпыз. Биз жетекчилерге, аткаминерлерге жарыбай келдик. Алар мамлекетти жеке короосундай карап келишти.
Аң-сезимдери “мен” деген тезисти карманып калышкан. Кудайга шүгүр, эми бүгүнкү президентибиз бузулганды түзөп, оң жолго салчудай. Эл дагы бүгүнкү президенттин жасаган иштерин байкап, түзөлүп барат. Мурунку президенттердин кылганы орто кылымдардын көрүнүшү болуп калды. Кайра артка кеткендей жылдарды кечирдик. Кайталап коёюн, Садыр Жапаровдун кабыл алган указдары, мыйзамдары бүгүнкү күндү өзгөртүүгө далалат болуп жатат. Мурунку документтерди карап, кайра ревизиялай баштады. Ал мезгилге салыштырмалуу көп нерселер өзгөрдү. Эскирип калган мыйзамдарды четтетип, жаңысын алуу шарт. Келечекти өнүктүрүүгө кандай мыйзамдар керек болсо, ошого карата иш жүрүп жатат. Бул эң жакшы маселе. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү жогорку деңгээлдеги экономист.
Экономика илимдеринин доктору. Мен 20-30 жыл мурдагы макалаларын окуп, ыраазы болуп жүрчүмүн. Ал “келечекке барууга мындай иштер жасалыш керек” деп илимий жактан да, практикалык жактан да туура макалаларын жазып жүрчү. Эми аткаруу бийлиги өз колуна тийди. Жакынкы жылдары бир топ өзгөрүүлөрдү сезе баштайбыз деген үмүттөбүз.
- Бүгүнкү коомдун интеллектуалдык деңгээли, руханий жакырлыгы тынсыздырбайбы?
- Руханий жактан да, саясый жактан да кемип турган жагыбыз али көп. Бир көрүнүштөн экинчи көрүнүшкө өтүү оор экен. Оор сынактар болсо, адамдар тез өзгөрүлүшү мүмкүн. Бирок ыкшоолук менен интеллектуалдык жактан көтөрүлүүгө аракет жасабай, мыкты илимий китептер окулбай калды. Жакшы илимий китептер, макалалар жокко эсе. Азыркы чыгып жаткан илимий китептердин уюткусу барбы – мунун талданбаганы да биздин мүчүлүштүгүбүз. Тирүү жан болгондон кийин өзүбүздү өзүбүз сынакка алып, өзгөрүп туруу керек. Мурдагыдай ыкшоолукка көнүп, мааниси жок эмгектерди жараткандар да бар. Президенттин руханият, адеп-ахлах тууралуу указы чыккан.
Аны баарыбыз окудук. Ал эки бөлүктөн туруп, жакшы жазылган. Биринчиси – руханий жактан, экинчиси – ден соолукту чыңдоо каралган. Экинчи бөлүмүн жолго салып, алып кетсе болот. Биринчи бөлүмүндөгү руханий адеп-ахлах жагын оңдоо оор. Калкыбыз көнүп калган жашоодон арыла албай, эскиче жашап келебиз. Орто кылымдардагы көчмөндөрдөй жүргөн-турганыбызды тартипке сала албай атабыз. Эң негизгиси, жүрөктү, акыл-эсти тарбиялашыбыз керек.
- Япон адабиятынан которуп, кыска аңгемелер, чыгармачылык жолдо жараткан эмгектериңиз арбын. Бүгүн улантып жатасызбы?
- Франциянын Флобер деген классик жазуучусу жакшы китептерди жараткан. Ошол жазуучу “Илим менен искусство эң башында бириккенсип турат. Бирок иш башталганда экөө ажырым болуп, өз алдынча өсө баштайт. Бирок экөө өсүп-өнүгүп отуруп, аягында ошолорду жараткан адамда алар кайра биригет” дейт. Алар биригип кайра өз алдынча өсүп, кайра биригип турган интеллектуалдык руханий көрүнүш. Мен да чыгармаларыма аракет жасап келем.
Аңгеме, эсселерди жаратып, Сайге, Басе деген япон акындарын котордум. Алардын искусствосу өзгөчө. Тереңирээк талдасак, булар дүйнө боюнча алдыда баратат. Айткан сөздөрү, жасаган иштери да мазмундуу. Алар түп-тамырына чейин жетип, анан чыгарышат. Ушундай эмгектенүүнү үйрөнсөк болот. Анан дагы аңгемелерим, эсселерим тууралуу кино тартылганы турат.
Үч аңгеме бириктирилип даректүү тасмага айланып, айтайын деген ойлор акырында бириге түшөт. Мындайча айтканда, чыгармачылык керемет, жыргал жашоонун бири. Көздөп жүргөн ойлорду жазып калтыруу, кино тартуу – мындан адам жакшы нерселерди гана алат деген пикирдемин.
Булак: Азия News гезити