www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акырындап сезимдерге жарака кетти. Жанда жок өзүмчүл жан болуп чыктың. Эки уулдуу болдук. Жандал бастап бала багууга да, иштөөгө да жетишип, «жашообузда бир нерсе жаратсак, үстүбүздө жаркыраган үйүбүз болсо, балдарыбыз жакшы билим алса» деп далалаттандым.
Олчойгон суммадагы кредит алып, аны төлөп, үстүбүздө үй туруп калганына кубанып иштей бердим. А сенчи? Өзүңдөн артпады. Артмак тургай жетпеди. Кийимдин кымбатын кийип, өзүңдүн гана баскан-турганыңдан алган айлыгын артпады.
Шаан-шөкөттү, күн аралата көңүл ачууну, ичип келүүнү жактырчусуң. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин сенин накта жүзүндү тааныдым. Сен жашооңдо дагы бир аялдын жашоосун ээлепсин. Ал дагы уул төрөп бериптир. «Эл оозунда элек жок» дегендей, баары ачыкка чыкты.
Катуу уруштук. Каалганы «тарс» жаап чыгып кеттиң. Артыңдан кат жаздым: «Экинчи келбе, ошол экинчи бүлөңдү бактылуу кыл. Мен жалгыз жашап деле бактылуу жашоо кечирем» деп. Арадан бир айдай убакыт өттү. Сен келген жоксуң. Өзүмдү эчак жоготуп, унутуп коюпмун. Өзүмду таптым...
Булак: Азия News гезити