www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанында кызматынан бошотулган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду колдоо митинги өтүүдө.
300гө жакын адам, анын ичинде дарыгерлер жана карапайым жарандар борбордун өзгөрүшүнө жана Жумабековдун кызматтан алынышына макул эмес. Алар ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
Жумабеков чогулгандарга кайрылып, өз сөзүндө Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун кайра түзүү зарыл эместигин белгиледи.
«Мен министрге мени кызматтан ал, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборго тийбе деп айттым. Бул илимий борбор, анда ондогон адистер эмгегин жактайт. Илимий борборду жабууга болбойт, анткени бул артка кадам», - деди ал. Өз кезегинде митингдин катышуучулары министрди отставкага кетирүү боюнча резолюуияга кол коюшту.
Булак: NazarNews.kg