www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз Стамбулдагы батиринде медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, дарыланып жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Стамбул шаарында мойну жана бети кескиленген 28 жаштагы мекендеш ооруканага жаткырылганы кабарланган. Окуя 17-январда Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон. Кыздын жанындагы Кадир аттуу 40 жаштагы эркек ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Бирок жабыркаган мекендеш бул көрсөтмөсүн төгүндөп, ага турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн бычактаганын билдирген.

ТИМ анын окуядан кийин алгачкы медициналык жардамды алып, бирок ооруканага жатып дарылануудан баш тартканын кат түрүндө билдирген. Учурда өзүнүн батиринде дарыгерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

"Түркия жаранына карата иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы консулдук жабыркаган кыргызстандыкты коргоо үчүн бардык чаралар көрүлөрүн айткан. Учурда Стамбулдун сот жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости