www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун аппарат жетекчиси Алихан Ураимов жарандык активистти сабап, колдорун кызартып салган. Бул тууралуу Батмакан Жолболдуева өзү билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн депутаттардын көчмө жыйынына барган активист Батмакан Жолболдуеваны Баткен облусунун аппарат жетекчиси сабап, чачынан сүйрөп, колдорун кызарткан.

Учурда жарандык активист милиция бөлүмүндө.

Ал эми бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Баткен облусунун аппарат жетекчиси Алихан Ураимов Баткендин экс-губернатору Арзыбек Буркановдун иниси.

 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин эки фракциясынын депутаттары бүгүн, 5-февралда Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Ал көчмө жыйынга жетекчилер гана катышып, жай тургундар кире алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости