www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттардын көчмө жыйынында Батма аттуу жарандык активисти Баткен облусунун губеранторунун аппарат жетекчиси Алихан Ураимов жаакка чаап жибергендиги социалдык тармакта чуу жаратты. Бул окуя тууралуу Ураимов  менен байланышканда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

-- Саламатсызбы, Батма аттуу жаранды жаакка чаап жибергениңиз тууралуу маалымат чындыкка дал келеби?

-- Ал жалган нерсе. Чуу жараткысы келген адамдар ар нерсени айта берет...

-- Сиз Арзыбек Бурхановдун иниси болосузбу?

-- Анын бул жерге тийшеси жок, расмий кайрылыңыз.

Буга чейин, көчмө жыйында Батмахан Жолболдуева аны Баткен облусунун аппарат жетекчиси Алихан Ураимов сабап салганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин эки фракциясынын депутаттары бүгүн, 5-февралда Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Ал көчмө жыйынга жетекчилер гана катышып, жай тургундар кире алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости