www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исфана шаарында «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын депутаттары жеринен тышкаркы жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, депутаттар менен жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
«Бизге жетекчилер гана кире алат деп айтышкан. Бизге, тургундарга уруксат берилген жок. Максат айылынан келдик, көйгөйүбүздү айткыбыз келди. Бул жерде милиция кызматкерлери кире бериште туруп, эч кимди киргизбей жатышат», - деди Марзия Кабылова.
Жыйын акимчиликтин имаратында өтүүдө.
Эске салсак, 27-январь күнү саат 18:15те тажик чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өттү. Эки тараптан тең атышуу болду. Тажик аскерлери миномётторду жана гранатометторду колдонушкан.
Түнкүсүн тараптар ок атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу, Баткен-Исфана унаа жолунда кыймылды ачуу жана чыр-чатактарды болтурбоо максатында чек ара аймактарын биргелешип күзөтүүнү макулдашты.
Булак: NazarNews.kg