www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабырбекке жолугушу үчүн, эч кандай тааныштын ортомчунун кереги жок. Мындай пикирин журналист Мелис Арыпбек өзүнүн Facebook баракасына жазды.

«Акыркы эки-үч күндүн аралыгында, интернет тармагында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкектин трамватология ортопедиялык илимий борборунун жетекчиси, академик медицина илимдеринин доктору, дүйнө жүзүнө белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун ортосундагы талаш-тартышка күбө болуп жатабыз.

Тилекке каршы, бул эки дарыгерди жакындан тааныбай туруп, атүгүл, көрүп учурашпагандар деле бир тараптуу ушак-айыңдарга ишенишип, ортодон одоно олдоксон ойпикирлерин айтып жатышат. Айрымдардын жазгандарын окусак, карандай эле жалданма фейктер экендиги оркойуп көрүнүп турат.

Маселен, Сабырбек Жумабековду адам эмес эле, кайдагы бир адамдык сапатттан таптакыр айрылган, чектен чыккан орой дарыгер катары каралап жатышат. Себеби, алар Жумабековдун кабыл алуусуна эч качан барышпаган. Анткени, ортопед Сабырбекке жолугушу үчүн, эч кандай тааныштын ортомчунун кереги жок. Болгону, телефон аркалуу же келип, приемго катчы кызга келип, катталасың. Анан ошол күнгө келип, атайын күтүү залында кезегин күтүп олтурасың. Андайлар сөзсүз академикке киришип, кенен кесир сүйлөшүп, орусуна жараша консултация алышат. Ошого жараша болушат. Кайрылгандардын арасында четөлкөдөн келгендери да бар. Андыктан, эчкандай ортомчуулардын эч кереги жок. Баардыгы бирдей укукта алдын ала катталуу жолу менен жолугушуп, маселелерин чечишет.

Ал эми, атайылашып, ортодон жарышып, жалгандыкты жайнатып, акты каралаган жалданма фейктердин абийир-ариетинде болсун алардын карандай калптары.

Акыйкаттык ирээтинде, мен өз башыман өткөндү бөлүшөйүн жумурай журт. Он жыл мурун жол кырсыгына кабылып, колум ийинден ылдый каруум сынып, ал туура эмес бүтпөй, кыйналганымда Сабырбекке кайрылгамын. Рентгенге тартырып, өзү операция жасап колумду айыктырган. Сөөктөр туура биригип өсүш үчүн Германиядан алынганн кыйбат баалуу темирди кадап бекиткен. Ошол темир менин денемде азыркыга чейин жашап келет. Экинчи жолу, грыжа деген оору өрчүп кетип, омуртканын ортосундагы өткөн жүлүндү чоңойуп кеткен кемиртек кысып койгондо, жамбаштан ылдый денең чымырап, басалбай боздоп калгамын. Массаждардын түрлөрүн жасатып, барбаган табыптар калбай, атүгүл, иттин ыссык терисин да оронуп, айагында таптакыр жылбай калганда Сабырбекке кайрылдым. Томографияны көрүп, байке анализдерди тапшырып, дайардык көрөсүз, опперация жасабаса болбойт- деп, ошол замат атайын омурткаларды дарылоо бөлмөгө жаткырды. Эки күндөн кийин операцияны өзү баш болуп жасап, бир аптадан кийин үйгө чыктым. Андан бери чуркап басып жүрөмүн.

Баса, ошол эки жолку операцияга, менден жарты тыйын дагы албады. Болгону: “Байке сиздей сейрээк чыгармачыл адамдар элине керек, экинчи оорубаңыз” – деп, мени эки жолу оор сыноодон аман-эсен алып калганы анык.

Бүгүн мен өзүбүздүн бейтапкана поликлиникага анализдерди тапшырып баргамын. Регистратурадан менин медкарточкамды издеп табалбай койушту. Жаңы баракча жазып беришти. Кетеримде башкы дарыгерге кирип, ойпикир бөлүштүм, эмне үчүн медкарта ортодон жоголот, жоопкерчилик деген болуш керек?” – деп башкы дарыгер айым менен сүйлөштүм. Абдан жакшы кабыл алып, баарлаштык. Анан ортодо азыркы министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу сөз учугу уланды. Көрсө, Алымкадырдын кесиби хирург. Өзү Чүйдүн кулуну, детдомдо өсүп чоңойгондуктан, бираз орус мүнөздү, а бир ак, адилет акыйкатты туу туткан, жемкорлукту жек көргөн адам катары, мага айтып берди биздин бейтапкананын башкы дарыгери.

Ошентип, мен Сабырбек Жумабековду ортопед хирург, катары анын алтын колду трамваматолог дарыгер катары өз башыман өткөрсөм, Алымкадыр тууралуу аны жакындан билген дарыгерден бираз маалыматты билдим.

Агерде, ушул эки дарыгердин ортосундагы ыр-чырды адилеттүүлүк жол аркалуу чечилбесе, анда, эң алгач ар кандай кырсыкка кабылып, ооруга чалдыккандар кана уттурушат. Себеби, Сабырбек Жумабеков бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал, атактуу эң күчтүү ортопед катары жасаган жаңы ачылыштары жана уникалдуу операциялары аркылуу белгилүү. Кайсыл өлкөлөргө барбасын, аны коллегалары Кудайындай көрүп, ага урмат сый көрсөтүшөт. Бул жагы кашкайган Чындык! Жумабековду не деген өнүккөн мамлекеттер өздөрүнө ишке чакырышып, каалагандай шарттарды түзүп, жана эң бийик айлык төлөйбүз - дегендер толтура. Ошол эле Кытайдан, Арабия өлкөлөрү өздөрүнө чакырышат, жок дегенде, убактылуу иштеп тажрыбайсы менен бөлүшкөнүн суранышып. Ошондуктан, Кувейттин королу Сабырбектин илимий борборундагы жерге жаңы көп кабаттуу медициналык борборду курууга макулдашкан да. Демек, Сабырбектин дүйнөдөгү улук ортопед катары сыйлагандыктан болуп жатат. Казакстан Жумабековко не деген кана наамдарды жыл сайын беришип, көкөлөтүп сыймыктанышат! Астанага келип иштөөсүн ар убакта өтүнүшөт. Сабырбектин жаңы ыкмасы аркалуу адамдын сөөгүн өстүрүүгө кошкон ачылышы Гиннесс Китебине кирген! Баардык жетишкендиктерин жазыш үчүн өзүнчө китеп болот.

Ал эми, өзү жетектеген илимий трамватологиялык борбордогу анын эмгегин, ошол жерде иштегендер абдан жакшы билишет. Ал жагын мактап даңктап айтып туруунун анчейин деле кажети жокко деймин. Миңдеген майыптар Сабырбектин клиникасынан сакайышып, анын жасаган операциялары легендага айланган эмеспи!

Агерде, мурунку мамлекеттик оруканаларды мисалга алсак, анда канчча жылдар бойу жетектеген шаарыбыздагы белгилүү оорукананын бири Мамбет Мамакевдин атын тирүү кезинде берилген. Ал оорукананы Гиннесс Китебине кирген, Кыргыз Эл Баатыры, Манас орденин ээси – академик Мамакеевсиз элестетүү эч болбойт. Атүгүл, улук дарыгердин эстелиги киреберишине оорнотулган да. Демек, ошого татыктуу эмгектерди жасаган! Андыктан, кайсыл машайак министр болбосун, керек болсо, президент дагы Мамакеев аксакалды кызматынан алып, анын ысмын өчүрүүгө барат? Же болбосо, Чуй облбольницанын башкы дарыгери Эрнис Акрамовту кайсыл министр кызматынан бошотомун – деген ой келет? Керек болсо, Акрамов ал жерде күндөп түндөп жашайт. Бүт өмүрүн ооруканага арнаган!

Ал эми, атагы ааламды жарган ортопед Сабырбектин медицинага кошкон зор салымын, Алымкадыр Бейшеналиев кана билгиси келбесе, анын төө эмес, тоо которгүс эмгегин бүткүл дүйнөдөгү ортопеддер сыймыктанып билишет!

Азыркы күч алып жаткан тирешүүнү адилеттүү чечиш үчүн, бийликтин ар бутагынан, белгилүү дарыгерлерден жана коомчулуктан түзүлгөн көзкарансыз комиссия Жумабеков жетектеген 4 шаардык ооруканага барышып, коллектив менен жолугушуп, анын жетекчисине койулуп жаткан айыптоолордун чоожайын иликтеп изилдеп, талдап тактап, тастыктап таразалап туруп, ошондон кийин кана адилеттүү чечим чыгаруу зарыл. Ошондо кана, бул атайылап күч алдырып жаткан тирешүү кан буугандай токтойт. Андан, эң биринчи оорулулар кана утат.

Кандай дейсиңер кара кылды как жарган, калыстыктан тайбаган калайык калк?», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости