www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шубриков менен кадр маселеси боюнча, эл комиссариаттын аппараты жана кыргыз жетекчилер тууралуу кѳпкѳ сʏйлѳшʏп отурдум. Уюштурууга  жѳндѳмдʏʏлѳр керек. «Бездельниктер» менен алыска барбайбыз.

Азиялык жамбаштап жаткан жалкоолук – кыргыз кызматкерлеринин башкы мʏчʏлʏштʏгʏ. Бул «оору» менен улуу муундун ѳкʏлдѳрʏ гана эмес, жаштар да "ооруп" калууда.

Шубриков Худайкулов менен Бабахановго баргандыгым ʏчʏн мени кекетʏʏгѳ алды. Анын тʏшʏнʏгʏ боюнча –бул ʏлкѳн саясий кылмыш экен, ошондуктан ал бул маселени бюрого алып чыгам деди.

Мен эгерде ушундан саясий оюн уюштурууну кааласаӊар, анда отставкага кетем дедим.

Бул маселенин башкы мааниси, менин аларга барганымда эмес, алар ушуну шылтоолоп, мени коркутуп алып мойнума аркан салып, аргамжылап байлап алгысы келишет. Андай болбойт. Эсептери ката. Ольгада болуп Раисага телеграмма салып Муся кайда экенин билип берʏʏсʏн сурандым.

БАКтын фракцияларынын отурумунда болдум. Советтерди сьездин чакыруу ʏчʏн каражат табуу боюнча маселе каралды. Койо турушуна жетиштим. Абдан катуу кармаштык. Ар бир тыйын кымбат экенин бары эле тʏшʏнѳ беришпейт экен.

Менде улуттук дивизиондун командирлери болушту. Кенже командирлик состав бʏтʏрѳт экен. Бʏтʏрʏʏчʏлѳр ʏчʏн 100 сомдон белек алышка акча бѳлʏп бердим.

Брошюрамды бʏтʏрʏп басууга бердим.

 

16.10.1928

Эртеӊ мененден баштап Областтык комитеттин Бюросунун отуруму болду. Саат 3-тѳргѳ чейин отурдук. Мага Худайкулов менен Бабахановго барганым ʏчʏн кыйытып ѳтʏштʏ. Бул менин партиянын катарындагы 10-жылдан берки биринчи партиялык жаза болду. Саат 6-дан баштап Областтык комитеттин Бюросунун отуруму улантылды.

Башка маселелердин арасында жергиликтʏʏ бюджеттен коомдук уюмдарын керектѳѳсʏн каржылоо тууралуу маселе да каралды, а бирок бюджет дефицитте отурат.

Алар 100 миӊ сом талап кылышыптыр, мен болсо 50 миӊ сомду берʏʏгѳ мʏмкʏнчүлʏк жок десем, Шубриков: «Бизде жетекчилик орундарда саясий жактан сабатсыз адамдар отурушат» - дей салды. Аны менен акыйлашпоого болбой калды.

Мен Эл комиссарлар Советин таратып, Абдрахмановду кызматынан алып, бюджетти тʏзʏʏнʏ Обкомдун аппаратына тапшырып, жаӊы Эл комиссарлар Советине куйругун шыйпалаӊдатып буйруктарды аткаргандарды коюш керек дедим. Кармаш катуу болду. Урюпин ѳзʏн-ѳзʏ сактап, аягында жалгыз мен бардыгына каршы болуп калдым. Бюджеттин дараметин билип туруп, бирок чындыкты айтыша албай, «начальниктердин» кѳз карашы менен теӊ айланышкандарды карап туруп капа болдум.

«Акыйкатчыл» кошоматчы – чиновниктер катары ѳсʏп бара жатат. Мындан партия менен революция утушка жетеби?

Билбейм.

Саат 10-до аяктадык. Бʏгʏн мен дагы бир жолу ѳз ишеничимди бекемдедим, мындан ары мен акыйкат эсептеген маселелер ʏчʏн жалгыз кʏрѳшʏʏ тагдыры мага буюруптур.

Абдан куса болдум, бѳтѳнчѳ ʏйгѳ келип жапжалгыз калган соӊ кусалыгым ого бетер артты. Бʏгʏн болгон окуялар тууралуу кимдир бирѳѳлѳр менен бѳлʏшкʏм келди. Ушундай оор минуталарда мени колдой турган эч ким жок. Эч ким жок…

 

17.10.1928

Эртеӊ менен дан комиссиясынын отурумуна катыштым, ал эми саат 2-ден баштап улуттук дивизиондо болдум. Аскерлешиптир. Кечээки эле Тянь-Шань тоолорунун батрак дыйкандардын балдары аскердик тартип менен катарда тургандарына суктандым. Казарма тар. Орто Азия аскер округунун командачылыгынан каражат бѳлʏп берʏʏ тууралуу сʏйлѳшѳйʏн деп убада бердим.

 

18.10.1928

Ташкентке жѳнѳдʏм. Жолдошторум кʏн боюу шахмат ойноп барышты, мен болсо китеп окуп бардым.

 

19.10.1928

Поюз Ташкентке бир саат кечигʏʏ менен барды. Арыстан Марияга жазган катымды жѳнѳттʏм. Кʏнʏ боюу Володя айткандай баш кѳтѳрбѳй китеп окуп отурдум. «Регин» мейманканасынан орун алдым, ушул жерде менин жашоомдогу эӊ чоӊ жана кайталангыс трагедиям башталган. № 15, № 23 жана № 25 номерлʏʏ бѳлмѳлѳрдʏ эч качан унутпаймын.

Вокзалдан бир тууган иним тосуп алды. Чоӊоюптур. Чымыр тартып баратыптыр. Ал менин келеримди билген эмес экен, бирок интуациясы боюнча эле чыгып мага жолугуп жатпайбы. Мен аны менен сыймыктанам. Келечектен кѳптʏ ʏмʏттѳндʏрѳ турган жигит.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости