www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ордо калаада үйдүн подъездинин алдында турган аялды муунтуп, кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

"2-февраль күнү Октябрь райондук милиция бөлүмүнө К.С. аттуу аял арыз менен кайрылган. Белгисиз адам аялга кол салып колунан сумкасын жулуп, качып кеткен. Анын айтымында, окуя 28-январда, кечки саат 21:00 чамасында 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында болгон", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы Ж.С. аттуу киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланып, колго түшүрүлгөн адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин интернетте белгисиз адамдын үйдүн подъездинин алдында турган аялды муунткан видеосу пайда болгон. Анда окуянын 5-кичи райондо болгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости