www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын аксакалдары жолугушту

Кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдардын акакалдары жолужолугушу өткөрүшүп, элди ынтымакка чакырышты.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажиктандын Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатышканы айтылат.

“Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 райондук ички иштер башкармалыгыны башчысы Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Миролизода Субхан биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда”, - деп жазылат маалыматта.

Жолугушууда эки элдин аксакалдары эзелтен бери кошуна экенин, бир арыктан суу ичишерин, биримдикте жашоо керектигин билгилешип, жаштарды ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдөөгө сөз беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости