www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Арсланбек Касымакунович, сиз Баткенге жардам иретинде бир айлык маянаңызды которооруңузду билдирдиңиз. Кандай дейсиз, бул демилге башка да кесиптештериңиз тарабынан колдоого алынаар бекен?
-- Ал – депутаттын өзүнүн ыктыяры. Баардык эле депутаттар бул демилгеге кошула албайт. Себеби, ар ким өзүнүн материалдык шартына, мүмкүнчүлүгүнө карайт. Ошондуктан, мен эч кимди үндөбөй, эч кимди кыйнабай, өз демилгемди гана билдирдим.
Эми ар бир фракция, ар бир депутаттык топ өздөрүнчө отуруп кеңешип, өз сунуштарын берет го деп ойлойм. Депутаттардын көбү бул демилгени колдоп турат. Бирок, колдогону – бул бир маселе. Экинчи маселе – ал чогулган акчалар кайда кетет?
Кайсы бир имаратты куруугабы, социалдык объектилерге керектүү нерселерди сатып алгангабы, айтор, даректүү жумшалып, биз анын тыянагын көргөндөй болушубуз керек.
-- Өткөн чакырылышта депутаттар чогулткан акча алты ай которулбай, адресатка жетпей жатып калган экен. Дагы ошондой болбойбу?
-- Азыр андай болушу мүмкүн эмес. Биз сөзсүз көзөмөлдөйбүз.
-- Сиз буга чейин да депутат болгонсуз. Сейит Атамбаевдин “эл азыркы депутаттар жалтак болуп калышты деп атат” деген пикирине кошуласызбы?
-- Ким эмне дегенине комментарий бере албайм. Бирок, менин жеке пикирим боюнча, баарын убакыт көрсөтөт. Азыр шашылыш тыянак чыгаруу кыйын. Себеби, бири-бирибизди жакшы деле тааныбайбыз.
Депутаттардын көбү али трибунага чыга элек, көбү али өз ойлорун билдирише элек. Андыктан, бирдеке деп айтыш кыйын. Бирок, бир нерсени айтсак болот, ушул жерде отурган депутаттардын ар бири элдин добушу менен келди. Ар бирине шайлоочулар өз добуштарын беришти.
Элдин тандоосун сынга алуу туура эмес деп ойлойм. Эл ошондой тандадыбы, алардын каалоосун сыйлаш керек.
Булак: Азия News гезити