www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө киши колдуу болуп каза тапкан тургунду элге коронавирустан кайтыш болду деп айтып, жерге беришкен. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлайт.
Ысык-Көл ОИИБи - социалдык тармактарда адам өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга милиция чара көрбөй жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, түшүндүрмө берди.
Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргөн. Анда Темировка айылынын 61 жаштагы тургуну киши колдуу болуп каза болгону жашырылып, жерге берилгени аныкталган.
Күбө катары суралган Темировка айылынын 51 жаштагы тургунунун айтымында, 21-январга караган түнү анын 30 жаштагы уулу Д.М. менен 61 жаштагы бир тууганы Ж.А.нын ортосунда уруш чыккан. Эртеси агасынын сөөгү алардын үйүндө табылганын билдирген.
"Ошондой эле бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына кабарлабай, элге ал кишини "коронавирустан каза болду" деп жерге беришкенин айткан", — деп жазылган маалыматта.
1-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү") менен иш козголуп, тергөө башталган.
2-февралда эксгумация жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү Д.М. аттуу жаранды Бишкектен кармаган. Учурда ишти Ысык-Көл райондук прокуратурасы тергеп жатканы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg