www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сергей Лавров: Эл аралык кырдаал чыңалып баратат

НАТО альянсын жасалма кеңейтип, ага Украинаны кошуу аракеттери токтобой келет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, пикир келишпестиктер көбөйүп, дүйнөдө абал чыңалып бара жатат. Буга "эл аралык мамилелердин архитектурасын үзгүлтүккө учуратууга нук алган" батыш мамлекеттери "жардамдашууда".

"Түндүк атлантикалык альянсты жасалма кеңейтип, ага Украинаны тартуу аракеттери токтобой жатат. Кечээ жакында эле НАТО жетекчилиги бир нече билдирүү жасады. АКШ альянска мүчө болбогон скандинавиялык мамлекеттерди да НАТО курамында көрүүгө куштар экенин айтууда. Ансыз деле кансыз согуштан соң, Варшава келишими жокко чыгарылгандан кийин маани-маңызын жоготкон структураны жасалма кеңейтүү аракети жүрүп жатат", — деди Лавров.

Орусиянын ТИМ жетекчиси Москва окуянын ар башка нукта өнүгүүсүнө даяр экенин, РФ сунуштаган демилге боюнча АКШ менен НАТО өлкөлөрүнүн жообун күтүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости