www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүр сакчысы
Ар бир жандуу пенденин өмүрү өзүнчө баяндалчу бүтпөс тарых, бараандуу кеӊ Адал эмгектен кадыр-баркка ээ болгон чебер кенч сыктуу. Улам казган сайын баалууулуктары ачыла берет. Алар туурасында жазуу да сыймыктуу. Анткени, айтылган ар бир сөзгө алар татыктуу.
Мына ошол чебер Кыргызстанда эӊ алгачкы балдар ортопедиясында аты тарыхта кала турган инсан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген дарыгери, чыгаан ортопед хирург Самидин Кулиев.
Балдар Ортопеддердин корифейи - Самидин Кулиев
- Бул суроо сизге тааныш болсо да, балалыктын бал татым көз ирмеминен баштасакпы деп турам. Кантсе да балалык өмүрдүн башаты эмеспи…
- Ошол балалыктын башаты айылдан башталат тура. Базар-Коргондун даӊазалуу жаӊгакзарлуу Арстанбап өрөөнүндөгү Макатурпак айылында балалык кезим өткөн. «Ар кимдин туулган жери-өзүнө Мисир» - деп бекерден айтылбаган чыгаар.
- Тажрыйбадан өткөн устат жок бирок ага төлөнчү акы кымбат экен…
- Албетте, негизи тажрыйба дегениӊ сенин жасаган ишиӊден улам бааланат тура. Ушул дарыгерлик кесиптин ичинен ортопедия бөлүмүн тандап алып, анын ары түйшүктүү, ары жооптуу иш экенине кайыл болгон кызыгуумдун үзүрү деп ойлойм.
Ортопедия илими-бадардын тубаса жамбаш чыгышы, майрык, мойну кыйшык, бүкүрү төрөлүшүн калыбына келтирүүгө багытталган. Муну интитутта аз убакытта окутканы менен оор предмет. Жаратканымдын жасаган нерсесин оӊдоо оӊой иш эмес да.
А сынык деген оӊой нерсе. Аны тез эе калыбына келтирсе болот. Ошондуктан ортопедиянын татаал экенин түшүнөөр элем. Насип экен, бала кезимдеги изги тилегим орундалып, ушул бөлүмдө иштеп калдым. Мени ишке алган врач тажрыйбасы мол хирург Шарапов. В. С., Зуева Фаина Васильевнадан көп нерсени үйрөндүм.
Арсланова Асия Васильевна, Михалченко Тимофей Тихонович, өӊдүү бир топ дасыккан врачтарга жардамчы болуп иштеп, алар кандай иштешет баарын кунт коюп карап жүрдүм. Алардын сүйлөшкөн сөздөрүн блокнотко жазып алат элем. Өтө белгилүү хирург профессор М. С. Знаменский деген балдардын ортопедиясы өзүнчө китепкананы Л. И. Ерусалимскийге белекке берген экен. Кайра ал киши мага бүт китептерди белек кылды.
Бул эми өзүнчө рухий кенч эле да. Ленинграддагы Вредина атындагы ортпедия жана травматология институтунда билимимди өркүндөтүп, Пушкин шаарындагы Турнер атындагы балдардын ортопедиясында мол тажрыйба алып, медицинанын миӊ түрлүү сырларынын жообун алууга жан үрөдүм.
Теория менен практиканы салыштырып, өзүмчө тыянак чыгарууга сабак алдым. Кыргызстанга келгенден кийин накта көзүм ачылды. Жумушка болгон көз-карашым да өзгөрүлдү. Өзүмдүн жеке позициямды көздөп, ишмердүүлүгүмдү башкаларга далилдеш оӊой-олтоӊ ишке аша баштады. Мурун «сен» деп кайрылышкандарга «Кулиевич» болуп калдым.
- Тубаса майып болуп төрөлүштүн себеби эмнеде?
- Эӊ оболу так диагноз коюуда муну айтуу кыйын, анткени бир нече себептери бар. Алар: балдардын тубаса майып болуп төрөлүшүнүн эӊ башкы күнөөкөрлөрү- тукум куучулук, бул акоголь, наркомания, экологиянын бузулушу, эненин кош бойлуу кезинде начар тамактанышы. Биздин ортопедия бөлүмүнө келип түшкөн балдардын көпчүлүгү ичкиик кесепетинен майып болгон балдар. Анкени ичкиликке жакын ата-энеден таза кандуу бала төрөлүшү шектүү. Экинчи коркунуч баӊгизатка жакын ата-энелерден төрөлгөн балдар. Анысы аз келгенсип, экологиянын бузулушу да майып баланын төрөлүшүнө себепкер болуп чыга келди.
Төртүнчү себепкер энелердин өздөрү. Алар кош бойлуу кездеринде оор ишке аралашып, оор жүк көтөрүшүп, начар тамактанышкандан боюнда жүргөн баланын бир мүчөсүнө доо кетирип, анан майып баланы төрөшөт. Мына ушундай себептердин кесепетинен тубаса жана майып балдар төрөлүүдө.
- Республикада ортопедия боюнча башкы адиси катары элге кайрылууӊузду уксак…
- Ата-энелер, балдар биздин келечегибиз экенине ишенсек, анда бала түйүлдүккө пайда болгонго чейин, андан кийин чогуу камкордукка албасак. Балдардын майып болуп калышы оӊой эле кеп!
Эгер уулуӊуз же кызыӊыз майып болгонун билсеӊиз, анда көрүнгөн шарлатан, бүбү-бакшыларга, сыныкчы-сөөкчүлөргө барбастан, баланын ого бешбетер оорусун күчөтпөйүн десеӊер сөзсүз адиске кайрылгыла!
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg