www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы абалды жакшыртуу аракетинде пайдалуу болууну каалашкандарын белгилеп: «Биз Жакынкы Чыгыштан кетпейбиз»,-деди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Сергей Лавров борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында орус дипломатиясынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берди.
Сириядагы абалга да токтолгон Лавров: «Жакынкы Чыгыштан кетпейбиз. Сирияда кээ бир окуялар болду. Мунун себеби 10 жылдан бери саясий процесстин басаңдашы. Эч өзгөрбөө каалоосу бар эле»,-деп айтты.
Лавров «АКШ Сириянын чыгышындагы жерлерди басып алганын» айтып: «Бул аймакта мунай кендери бар»,-деди.
Сергей Лавров Сириядагы күрттөр үчүн «Дамаск менен көпүрө куруу» сунушун айтышканын эске салып, төмөнкүлөрдү белгиледи: «Алар муну каалашкан жок. Алар америкалыктар ошол жерде болот, жарым мамлекет курабыз дешти. Биз аларга Түркия менен Ирак күрт мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербей турганын ар дайым айтууга аракет кылдык. Биз мындай мамилени колго алдык; Биз Сириядагы, Ирактагы, Ирандагы жана Түркиядагы күрттөрдүн укуктарын кеңешип, коргоону жактадык. Бир тараптан Дамаск, экинчи жагынан күрттөр сүйлөшүүнү каалашкан жок»,-деп айтты.
Сирия маселесине байланыштуу түзүлгөн платформалардын ортосундагы карым-катнаштын алсыз болгонуна көңүл бурган орус министр : «Ошентип вакуум пайда болду жана жарылуу болду, фактыларды кабыл алышыбыз керек»,-деп сереп салды.
Өлкөсүнүн Дамасктагы элчилигинин иш-аракеттерин жана Сириянын жаңы башкаруусу менен байланыштарын улантып жатканын белгилеген Лавров: «Сириядагы абалды оңдоого багытталган демилгелерде пайдалуу болгубуз келет. Бул үчүн Сириядагы бардык саясий, этникалык, диний күчтөрдүн жана бардык тышкы күчтөрдүн катышуусу менен ар тараптуу диалог керек. Мен Түркиядан жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн кесиптештерим менен сүйлөштүм. Алар бул процесске Орусия, Кытай жана Иранды кошууну жакташат. Биз буга ачыкбыз»,-деди.