www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 15-январында КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Н.Нуржанованы кабыл алды.
2024-жылдын 23-декабрында КР жараны Нуржанова Нурзат Нуржановнадан жардам сурап кайрылуу келип түшкөн. Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.
Маалымдама: Н.Н.Нуржанова 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган.
Жолдошу: А.К.Мурзабеков 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.
Арыз ээси Н.Нуржанова күйөөсү жана 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт.
УКМК төрагасы К.Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.
Өз кезегинде Н.Нуржанова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.