www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл козголоң боюнча камакка алынып, жогорку даражалуу чиновниктердин Коррупцияга каршы тергөө башкармалыгына жеткирилген, көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Yonhap агенттиги ведомствого шилтеме берүү менен билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, департаментте сурак жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 (Москва убактысы боюнча 05:00) чамасында башталганын РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин Юн Сок Ёлду резиденциясынан суракка алып кете албай коюшкан.  

Юн Сок Ёль бул жолу камакка алынар алдында кыска видеокайрылуу жарыялап, өзүнүн камакка алынышын дагы деле мыйзамсыз деп айткан.

Эске салсак, кызматтан убактылуу четтетилген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алынган. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Юн Сок Ёль кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айтты.
2024-жылы 14-декабрда Түштүк Кореянын парламенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаган. Президент 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялаган.

Последние новости