www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Эгин экспорту жөнүндө Стамбул макулдашуусунун маңызын бурмалады. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын товар чыгаруу жана Украинанын данын экспорттосу боюнча чектөөлөрдү алып салуу тууралуу документтерде РФтин атайын операцияны токтотушу керектиги айтылган эмес.

"Биздин батыштык кесиптештерибиз ар кандай маалыматтарды бурмалап, Орусияга каршы колдонуп жатканы таң калтырбай деле калды”, — деди Лавров.

Лавров белгилегендей, Одесса портунан дан эгиндерин экспорттого эч кандай тоскоолдук жок.

“Жогорку тактыктагы соккулар Одесса портунун өзүнчө бөлүгүндөгү аскер портуна урулган. Ал жерге жакында эле "Гарпун" ракеталарын алып келишкен. Бирок ал куралы азыркы тапта бизди эч бир чочулатпайт”, — деди министр.

Белгилей кетсек, 22-июлда Орусия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Россиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документтерге Стамбул шаарында кол коюшту.

Салтанатка Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу катышкан.

БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир эмес бир нече ирет айткан. Батыш Орусияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости