www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандык туристтин Кыргызстан тууралуу пикири

Жакында Өзбекстандык турист менен сүйлөшүп калдым, анын пикирин кыргызстандыктарга билдирүүгө туура келди. Айтымында биринчи жолу Ысык-Көлгө келген. Ысык-Көлдүн жаратылышы абдан кооз, бирок тейлөө тармагы начар, тазалыкка тиешелүү көңүл бөлүнбөйт жана туриситтерге орой мамиле кылышат, деген. Бул тууралуу Ирсалат Акпарова билдирди. 

"Алгачкы жолу келгениме дегдеп көлдү көрүүгө шаштым. Балыкчыга кире бериш жерден көл башталат экен. Алыстан суу чалкып башкача көрүндү. Ичимде жылуу сезим пайда болду. Абанын тазалыгы көөдөнүмдү ачты. Бирок жолдун эки бетинде теректерден башка эч нерсени көрбөдүм. Адамды өзүнө тартып ала турган көрүнүштөрдү эмнегедир байкабадым. Жол бойлоп мурдагы курулбай калган курулуштар бар экен. Жерлер бош экен, эмнеге эгин-тегиндер эгилбейт экен деген ойлор мени чулгап алды. Жол жүрүп бара турган жерге жеттик. Пансионаттарда орун жок болгондуктан, жеке үйлөргө токтоого туура келди. Бостеридеги короосу жакшы үйлөрдүн биринен орун алдык да, көлгө  карай шашып жөнөдүк. 

Көл чалкып өзүнчө укмуш. Биз барган жердин пляжында эл аз экен. Жаратылышка сөз жок, күн жаап, кайра бат эле ачылып жатты. Жаратылышы кооз, бирок эл эс алуучу жайларда тазалыкка көңүл бөлүнбөгөнү ичибизди тызылдатты. Эс алуучулар туш келди жерде жеп-ичип, таштандыларын таштап кетип жатканы өкүнттү. Анан да даараткананын жоктугу таң калтырды. Издеп жүрүп араң таптык. 

Кийинип, чечине турган жерлер да аз экен, ага эркеги деле, аялы деле кире берет экен. Айланып көп жерлерди көрдүк. Тоо койнундагы жерлер аябай жакты, бейиштин эле төрү экен. Бийик тоолор, жап-жашыл арчалар, ар жерден шаркырап агып жаткан муздак суулар көңүлдү сергитти. 

Тейлөө тараптары начар, туристтерге катуу, орой сүйлөшөт экен. 

Жалпылап караганда жерлериңер кооз, жаратылышка сөз жок. Жолдорду оңдоп, жолдун эки бетин гүлдөргө толтуруп, эс алуу жайлардын шарттарын жакшыртып, жеке менчикти жоюп, жерлер мамлектке өткөрүлүп, пансионаттар мамлекеттин эсебинен курулуп тейлөө тарабы жакшырса Өзбекстандык туристтер агылып келмек", - дейт турист.

Ушул туристтин сөзүнөн кийин бизде кандай жетишкендиктер, кандай кемчилдиктер бар экенин билсе болот", - дейт Ирсалат Акпарова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости