www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын колунда Батыш Украинага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр эмес деген далилдер бар. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Биздин маалыматка караганда, Украина Батыштан коопсуздук кепилдигине кол коюуга даярбыз деген кепилдик ала элек", — деди министр.

Лавров Украина Орусия менен болгон согушта Батыш үчүн кол жоолук катары гана керек деп эсептейт.

"Украина эч кимге керек эмес. Аны Батыш Орусияга каршы турууда "керектөөчү материал" катары гана пайдаланат. АКШ менен Европанын максаты Украинаны бетке кармап алып, Орусия менен согушуу эле. Анысын өздөрүнүн аттуу-баштуулары моюндап жатпайбы. Британиялыктар, америкалыктар, президенттер, премьер-министрлер "биз Орусиянын жеңишине жол берүүгө акыбыз жок, Орусия жеңилиши керек" деп айтып жатышат. Эгер бул нерсе эки өлкөнүн ортосундагы гана пикир келишпестик болсо, алардын эмнеге биздин жеңишибизге башы ооруйт эле? Бул Украина менен Орусиянын ортосундагы эмес, Орусия менен Батыштын ортосунда жарыяланган согуш", — деди Лавров.

Мындан улам эки сүйлөшүүлөрдө Украинаны ар дайым Вашингтон менен Лондон көзөмөлдөп жатканы айтылды.

"Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Вашингтон менен Лондон сүйлөшүүлөр учурунда Украинаны кол баладай колдонуп, башкарып жатат", — деди ТИМ жетекчиси.

Ошондой эле Лавров Евробиримдик акырындык менен НАТОнун көлөкөсүндө калып, ага кошулуп бара жатканын кошумчалады.

Буга мисал катары Германия жаңы өкмөттүн келиши менен өз алдынчалуулугун жоготконун, ал эми Франция стратегиялык эркиндигин илгерилетүүгө аракет кылып, бирок майнап чыгара албай жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости