www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Атамбаев 17-майда өзүнө каршы чыккандарды кармап туруп, алдын 14 жылдан камакка кесип жиберген. 17-майда кармаган соң 17 жылдан берсе болмок, бары бир алар жалган жерден кармалгандыктан эки-үч жыл өтпөй Атамбаевдин бийлиги ыдыраган соң акталып чыгышты. Азыркы бийлик башындагылар да Атамбаев президент болуп турганда СИЗО менен камактан башы бошогон жок. Арийне, алар бийликти алар менен көпкөндөрдү камап, акча кустуруп эркиндикке айдап жиберип атышат. Алар көптөгөн акчаларды кусуп атышат дейт. Куюлган акчалар мамлекеттин бюджетине түшүп жатабы же «мамлакаттынбы»?

2016-жылдын 12-майында «Элдик парламенттин» лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаевге каршы УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, ошого карабай 17 май күнү алар жыйын өткөзмөк. Ушул жыйын алардын тагдырын чечип койгон. Эми Талгарбеков менен Исмаил Исаков экөө «Коомдук кеңеш» аттуу кыймыл түзүп чыгышпадыбы. Күзгө карай Бекболот Талгарбеков уюмдун ишмердигин чыңалтып, ырааттуу сунуш, курч сын-пикирлер менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдурмакчы. Бул жагынан алдын ала «жыландын башы» кылтыюуда. Катарлары дагы калыңдап, таасирдүү саясатчылар, партиялар менен толукталып отурса, оппозициялык талааны ээлеп калышары ажеп эмес. Аныгында, элди ынандыра турган кадамдарды жасашып, коомчулуктун тамырын кармоо менен саясат жүргүзө алышса, анда элестете бергиле. Ошентип, жалпы катмардан колдоого алынып кетсе, Талгарбеков башында турган уюм бийликке тамашаны көрсөтүшү мүмкүн.

Күмөнүбүз жок. Себеби, Бекболот мырза күрөшчүл адам, тажрыйбалуу, түрмөдөн да сынбай, тескерисинче, чыйралып чыккан. Алтымыштан ашып, акылы толуп турган чакта чегинбесе керек. Тарыхка из калтырууну биринчи максат катары көкүрөгүнө түйүп алдыбы? Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаков түзгөн “Коомдук кеңеш” уюмуна ар багыттагы 51 адамдын мүчө болуп киргени белгилүү. Эч нерсе баштала электе эле ушул кыймылга мүчө болуп кирген Салымбековдордун кудасы Курманбек Осмонов саксактап, корко баштаганын уктук. “Көзү алаңдап калыптыр” дейт.

Эгерде бийликке карата катуу билдирүүлөр, айбаттуу сөздөр айтыла баштаса эмне кылат? Чыга качабы? Негизи Талгарбеков менен Исаков капсалаңда артка тартышпаган, бийликке каршылык көрсөтүшкөн, түрмөгө да отуруп чыгышкан саясатчылар. Бара-бара оппозициялык кыймылга айланышса, курчуп кетишсе, артынан шек жараткан Салымбековдор менен куда болом деп Кыргызстанды сааган Курманбек Осмонов кыйналып калбайбы? Камалып кетпейби? Же башкалардай түрмөгө отуруп чыкса бышып, чыйралабы? Көрө жаталы.

Негизи бул кыймылды саяктардын кыймылы деп айта баштады. Бекболот мырзанын үчүнчү атасы Адырай, дагы үч бир тууганы менен XIX кылымдын соңунда Ак-Талаадан ооп, Кочкордун Талаа-Булак деген жеринде турукташып калышкан. Адырай дүйнөдөн эрте өтүп, артында Мамбет, Кулмат деген эки уулу калат. Мамбет да эрте каза болуп, Салмоорбек төрт жашта, Талгарбек эки жашта жетим калышат. Мамбеттин аялы Токтобүбү жаш жесир калгандыктан, төркүндөрү азыктар алып кетишип, башка күйөөгө беришет. Саяктар намыстанып, Салмоорбек менен Талгарбекти өздөрүнө алып калышат. Бирок кимдир бирөө аларды асырап албайт. Экөө улам бир бир туугандардын үйүнө көчүп, эптеп чоңоюшат. Жетимдер тирикарак болушат эмеспи. Экөө тең тың чыгышып, өз оокаттарын жөндөп кетишет. Талгарбек 8-классты бүтүп эле колхозго жумушка кирет. Он алты жашынан баштап «учетчик» деген кызматты аркалайт. Он сегиз жашында алгачкы ирет жаңы кийимге жетип, өзүнө чолок тон тиктирип кийет. Ал кезде бул – азыркы жаштар өздүк автомашинага ээ болгонго барабар болсо керек. Ошол убакта колхозго Фрунзеден артисттер келип, концерт коюшат экен. Аларды алп акын Алымкул Үсөнбаев жетектеп келиптир. Концерттин соңунда «Андалек» деген ыры менен он төрт жашар өспүрүм комуз чертип чыгат, элге жагат. Концерт бүткөндө Талгарбек ал өспүрүмдү чакырып, «экөөбүз дос болуп жүрөлү» деп үстүндөгү чолок тонун чечип, ага кийгизет. Ал өспүрүм – келечектеги залкар акын Эстебес Турсуналиев экен. Экөө бири-бирин терең сыйлашкан, кыйышпас достор болушкан. Эстебес коллективи менен Талгарбектин айылына көп барчу дешет. Ал кезде мейманкана жок. Клубдагы концерт бүткөн соң баары Талгарбектин үйүно барчсу. Замандын залкар инсандары Тууганбай Абдиев, Асанкул Шаршенов, Замирбек Үсөнбаев жана башка көптөгөн артисттер Талгарбектин үйүндө болушкан. Талгарбек 1987-жылы ооруп каза болуп калды. Бекболот Талгарбеков 1955-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Моңолдор уурусунан чыккан экс -премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айылдашы. Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Эми ушул кыймылды айланчыктап саяктын Карбоз ханынын тукуму жүргөнсүйт. Эртең ал президент болуп кетеби деп чоочубай эле коюшсун, анткени анын жогорку билими жок. Карбоз хандын тукуму болгону менен эне тилди көп жакшы окубай, кыргыз грамматикасынан аксап жүрөт, бирок «кыргыз пиарынын» ана башы. Хандын тукуму болгондуктан ушунусунан бир-аз тайсалдап Молдокмат деген азан чыгарып хандын тукумдары койгон атын жашырып Кайып Шер деп аталып алган. Революция болордо жанданып, кыргыз туусун көтөрүп, анан чуу салып кирет. Бүгүнкү күндө 2010-жылдын 7-апрелинде өзү чуу салып кетирген бийликти туура эмес кетириптирмин деп өкүнүп, ошол бийликти кайра алып келүү үчүн ичкен ашын жерге коюп жүрөт. Илгери Боромбай деген бугунун манабы сарбагыштар көлдү үч айланса тарпыбыз калбай калат деп Кытай империясына кат жазышып, аларга көз каранды болуп, ошолордун бийлигин таанымак болот. Карбоз бий ортого түшүп, кытайлыктарга караганда орустардын бийлигин таануу өйдөрөөк экенин түшүндүрүп, Боронбай бий орустарды алып келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости