www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Раисина диалогу» конференциясында «Орусия Батыштын «газ куурларын кайра жардыруусуна» жол бербейт жана энергетика саясатында Батышка багытталбайт деп билдирди.

«Биз (Түндүк Агымдагы жарылууларды) иликтөөнү суранганбыз, ошол замат бул өтүнүч четке кагылды. Америкалыктар муну “нонсенс” деп аташкан жана Сеймур Херш өзүнүн тыянагын жарыялаганда, европалыктар менен америкалыктар кандай кабыл алганын көрдүңүздөр. Германия физикалык, моралдык жана башка жагынан кемсинтилген», - деди министр.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө АКШнын бардык аракеттери Европаны Вашингтон үчүн «баш ийүүчү оюнчу» кылууга багытталган, ал эми Орусиянын энергетикалык саясаты азыр «ишенимдү өнөктөштөргө» багытталган.

«Биз мындан ары батыштан келген эч кандай өнөктөшкө таянбайбыз. Биз аларга газ түтүктөрүн кайра жардырууга жол бербейбиз», - деп баса белгиледи министр.

Түндүк Агым жана Түндүк Агым 2де жарылуулар 2022-жылдын сентябрынын аягында болгон. Компания-оператор Nord Stream AG болуп көрбөгөндөй зыян тартканын билдирген. Орус президенти Владимир Путин жарылуу үчүн "англосаксондорду" айыптап, алар үчүн Түндүк агымдын үзгүлтүккө учурашы "пайдалуу" болгонун билдирген.

Германия, Швеция жана Дания эл аралык сууларда жарылуулар болгон газ куурларынын жардырылышын иликтеп жатышат. Орусия өз адистеринин тергөөгө катышуусуна тыюу салынганын бир нече жолу билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости