www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКС — өз ара урмат, ачыктык, прагматизм, тилектештик, ишти улантуучулук жана консенсус сыяктуу тең укуктуу кызматташуу принцибин сөз менен эмес иш жүзүндө ишке ашырган уюм.

 БРИКС уюмунун глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу өсүүдө, союздун ишине көз арткан өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Нижний Новгороддо БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын ачып жатып Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.

РФ ТИМ башчысынын айтымында, БРИКС уюмунун ролу өсүп жатканын союздун ишине кошулууга кызыкдар өлкөлөрдүн тынымсыз көбөйүп жатканы тастыктоодо.

Лавров БРИКС өз ара урмат, ачыктык, прагматизм, тилектештик, ишти улантуучулук жана консенсус сыяктуу тең укуктуу кызматташуу принцибин сөз менен эмес иш жүзүндө ишке ашырганын белгиледи.

БРИКС уюмунун тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны Нижний Новгороддо дүйшөмбү күнү башталды. Жыйын учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раиси, ТИМ башчысы Хоссейн Амир Абдоллахиян жана башка перс өлкөсүнүн расмий өкүлдөрүн бир мүнөттүк үнсүз эскерүү менен ачылды.

Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы июндун башында БРИКС уюму менен кызматташуунун ар кандай формаларын сунуштаган 30га жакын мамлекеттен өтүнүч келгенин, алар каралып жатканын айткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости