www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валентина Матвиенко Франция менен Германия жетекчилеринин жеңилүүсү алардын саясатчы катары калыптанбаганын көрсөттү деп белгиледи.

 Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц бийликте калууга болушунча тырмышууда. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин билдирген.

Ал Telegram каналында Европарламентке шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына комментарий берген. Анын айтымында, Францияда шайлоого катышуу соңку 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

"Марин Ле Пендин "Улуттук биригүү" партиясы дээрлик 32 пайыз, Макрондун "Ренессанс" (Кайра жаралуу) партиясыныкы эки эсе аз (15,2 пайыз). Германиянын социал-демократтары 14 пайыздай алды. Шольцтун башкаруучу партиясы немецтердин колдоосунан кол жууду. Оппозиция өкмөткө ишеним көрсөтпөө же кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылууда", — деп жазды Володин.

Ал белгилегендей, бул "Улуттук жыйынды таратып, кезексиз парламенттик шайлоо дайындаган Макрондун саясатынын кыйрашы".

Володин болжолдонгондой эле шайлоонун жыйынтыктары Шольцтун партиясы үчүн тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүч болду деп эсептейт.

"Экономика токтоп, миграциялык кризис, өлкөлөр улуттук кызыкчылыктарына каршы Украинадагы согушка тартылууда", — деп кошумчалады Володин.

Анын айтымында, Макрон менен Шольц "өз өлкөлөрүнүн жарандарын кыйнабай" өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек.

Макрон менен Шольцтун жеңилүүсү боюнча Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да Telegram каналына жазган.

Анын пикири боюнча, Франция менен Германиянын жетекчилеринин жеңилүүсү алардын улуттук да, европалык деңгээлде да саясатчы катары калыптанбаганын көрсөтүүдө.

"Анткен менен бул татыктуу натыйжа. Ал адамдардын жана коомдун муктаждыктарын көп жылдар бою этибар албагандан улам келип чыкты", — деп жазган ал.

Федерация кеңешинин төрайымы "Европага легитимсиздиктин коркунучтуу вирусу тарай баштаганын" белгиледи.

"Вашингтондун буйруктарын аткарып, суверенитеттен баш тарткандан кийин башкага деле үмүт арта алышпайт", — деп жыйынтыктаган сенатор.

Эске салсак, 27 өлкөдө 6-июндан 9-июнга чейин Европарламентке шайлоо өттү. Алдын ала берилген жыйынтыктар боюнча, шайлоого катышуу 51 пайызды түздү. Германиянын канцлери Шольцтун социал-демократиялык партиясы 14,4 пайыз добуш алып, үчүнчү орунду ээледи.

Европарламентке болгон Франциядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, оңчул "Улуттук биригүү" партиясы 32 пайыз добушка ээ болуп, алдыда. Экинчи орунду 15,4 пайыз менен Эммануэль Макрондун "Ренессанс" (Кайра жаралуу) партиясы алган.

Мунун фонунда Макрон француздарга кайрылуу жасап, анда Улуттук жыйынды таратып, кезексиз парламенттик шайлоо дайындады. Анын биринчи туру 30-июнда өткөрүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости