www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын ТИМинин маалымат кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Украинадагы кырдаалды талкуулашкан.
“Министр Донецк Эл Республикасында, Луганск Эл Республикасында жана Украинанын аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операция боюнча Орусия тараптын принципиалдуу кадамдарын айтты. Ал коюлган милдет жана максаттар толугу менен аткарыла турганын белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Лавров украиналык куралдуу күчтөрдү куралга шыкай бергендик Киевдеги согуш алааматын узартып, чатакты создуктурарын Блинкендин эсине салды. Ал эми РФтин Куралдуу күчтөрү эл аралык нормаларды тыкыр сактап келерин, бошотулган аймактарда жай жашоого кайтаруу үчүн жасалчу иштердин ырааты жөнгө салынганын белгилеген.
Аны менен катар орусиялык азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү жеңилдиктерди берүү боюнча АКШнын убадасы азырынча ишке аша электигин айтып, америкалык санкциялар кырдаалды оорлоштуруп жатканын билдирген.
РФ ТИМ башчысы Орусия менен АКШнын абактагы жарандарын алмашуу темасында Орусия тарап “тынч дипломатия” режиминде болчу кесипкөй диалогго кайтууга басым жасап, сунуштарын айтып жатканын эскерткен.
Телефон аркылуу сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg