www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Манас районундагы Нылды айылында 11 жаштагы бала ок атуучу куралдан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Билдирүүгө таянсак, 28-июль күнү саат 11:00 чамасында Нылды айылынын 2011-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгондугу аныкталып, маалымат Манас РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

"Жеринде ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзгөндө, анын денесинен жаракат издери аныкталган. Текшерүү учурунда аны атып алган баланын аты-жөнү такталды. Ал Манас районунун 2007-жылы туулган К.А. аттуу тургуну болгон.

Окуя боюнча тергөөдө керектүү кишилер суралып, ок атуучу куралды эч кимге айтпай ойноп алып чыгып, ошол жерде балдар менен жарышып баратып, эшектин үстүнөн колундагы мылтык кокустан атылып кеткенин билдирген.

Азыркы учурда аталган курал кимге таандык экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кошумча иштер жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Манас РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Super.kg

 


 

Последние новости