www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Конгрессине ноябрда боло турган шайлоого даярдыкка байланыштуу Орусиянын позициясы тууралуу айтты. Бул тууралуу ал Newsweek басылмасына берген маегинде билдирди.
Министр Орусия принципиалдуу түрдө чет мамлекеттердин, анын ичинде АКШнын ички иштерине кийлигишүүгө ниети жок экенин баса белгиледи.
"Биз кийлигишпейбиз, бирок, албетте, биз Конгресстин ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоосуна даярдыктарды кылдаттык менен байкап жатабыз. Бул каприз эмес, дипломаттардын, журналисттердин, илимпоздордун милдети", - деди ал.
Лавров ошондой эле Орусия АКШдагы алдыдагы шайлоонун жыйынтыктарынын маанисин орус-америкалык мамилелердин жакшыруусу шартында көбүртүп-жабыртпай турганын белгиледи. Анын айтымында, бул "Капитолийде Москва менен тең укуктуу диалог идеясын чечкиндүү түрдө четке кагууга" байланыштуу. "АКШнын 2024-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү жөнүндө бир нерсе айтууга али эрте, анткени ал азырынча баштала элек", - деди министр.
Буга чейин Лавров АКШнын Украинадагы жаңжалга канчалык деңгээлде кийлигишкени тууралуу айткан. Анын айтымында, АКШ сырттан байкоочулардан болуп жаткан окуялардын толук кандуу катышуучуларына айлануу алдында турат.
Булак: NazarNews.kg