www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Украинага басып киришинин Politico жарыялаган жаңы датасына комментарий берди.
Буга байланыштуу Лавров батыш медиасын аймактагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады.
«20-февралда биздин машыгуулар (Беларусь менен) белгиленген мөөнөттө аяктайт. Эскалация бүтөбү? Билбейм, биз аша чаап жаткан жокпуз», - деди министр.
Белгилей кетсек, 10-февралда Беларуста орус-беларус биргелешкен «Союздашуу чечкини-2022» машыгуусу башталган.
Беларус президенти Александр Лукашенконун айтымында, аскер кызматкерлери Польша, Балтика жана Украинанын күчтөрү менен тирешүүнүн негизинде машыгып жатышат.
Ал эми 3-февралда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу быйыл эки өлкө ортосунда 20дан ашык биргелешкен иш-чара өткөрүлөрүн жарыялаган. Буга чейинки орус-беларус биргелешкен ири машыгуу «Батыш-2021» 2021-жылдын сентябрында өткөн.
Эске салсак, буга чейин Америкалык Politico басылмасы Орусия 20-февралдан кийин Украинага басып кириши мүмкүн экенин жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg