www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Орусия менен сүйлөшүүнү каалабагандыктан, Батыштын айткандарынын баарын аткарып жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди, деп жазат «КоммерсантЪ».

«Украина 24-февралдагы абалды «жердеги» абалга кайтарууну гана талап кылууда, башка фантазиялар күн сайын айтылып, ар түрдүү, кээде карама-каршы келет. Бирок Украина сүйлөшүүнү каалабайт, андан баш тартты. Муну менен ал англосаксондук жетекчиликтин эркин аткарып жатат деп айтууга бизде бардык негиздер бар», — деди Лавров.

Тышкы иштер министри Орусия украиналык кесиптештердин сунуштарынын негизинде чынчыл иштөөгө даяр экенин жана ал сунуштардын негизинде жазылган келишимдин долбоору Украина тарапта дээрлик бир ай бою кыймылсыз турганын белгиледи. 

Лавровдун айтымында, батыш өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелер сакталып турат, анын ичинде бардык дос эмес өлкөлөр да бар.

«Биз таңуулангыбыз келбейт», - деп баса белгиледи дипломат.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын делегацияларынын акыркы бетме-бет жолугушуусу 29-мартта Стамбулда өткөн. Бетме-бет биринчи бир нече раунд Беларуста февралдын аягында жана марттын башында өткөн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости