www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас айылы" этнографиялык комплексинин айланасындагы чырга эки манасчынын дагы тиешеси бар экенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Манас айылы" этнографиялык комплекси боюнча бийлик мыйзам талаасына эми түшүп жатыптырбы, мыйзамсыз чек араны талкалап кирип иш кылып жаткан Дамирбек Асылбек уулу менен Марат Турсунбековдор ошондо мыйзамсыз талкалаганын кайда катабыз?!
Баары ачык айтылган соң, Манас айылын көчүрөбүз деп жатышкан бийлик, курганга аргасыз болуп, шаша буша кабыл алган долбоорунар жарабай калдыбы? Эми эстерине келип эреже боюнча сынак өткөрүш керек экенин эстешкен тура. Мен жөн эле койгула, тийбегиле деп канча айттым эле. Манастын атын сыйлап деле тийбеш керек эле го. Буга чейин өткөн сынакты кантип жокко чыгардыңар?
Канча жыл сахнада чогуу жүргөн Рысбай Исаков жана Азиз Бимырза уулу, силерге мен "Манас айылы" тегерегиндеги мыйзамсыз иштерди айтсам дагы, комплекстин жерин алса ала берсин деген пикирде болчусуңар. Бере бер да, болбосо биз сага каршы чыгып калабыз дедиңер эле. Айтсаңар калыс пикир айткыла, болбосо аралашпагыла, жаман-жакшы сөз айтышып калабыз деп мен дагы эскерткем. Көрсө, ийри жыланыңарды ичиңерде катып, ич күптүңөр көп экен го. Бая күндөн бери байкап отурдум, көп сөз айта элекмин. Комплекстин жери боюнча президент 8 гектарга чейин чоңойтуп берди деп жатасыңар. Мен өткөндө топосьемканы жарыя кылгам. Түшүнгөн киши түшүнөт, ошол топосьемкада 9 гектар деп турат. Манас айылынын жери өзү 9 гектар жер болсо, кайсы 8 гектарды айтып жатасыңар 1 гектар жери кайда калат? 1г ектар жердин өзүн кошо тазалашып жатасыңарбы. Элдин башын айлантпагыла! Силер канчалык бийликке көшөкөрлөнгөн сайын мен чындыкты далилдей берем. Көп нерсени бурмалап, ашмалтай чалганга жол болбойт.
Манас-атанын алдында жооп бере турган күн алыс эмес! Манас үчүн бир тура алган жоксуңар!", - деп жазды манасчы Дөөлөт Сыдыков.
Булак: NazarNews.kg