www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда өзгөчө кырдаал жарыяланды

АКШнын президенти Жо Байден өлкөдө электр энергиясын өндүрүүдөгү көйгөйлөрдөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал ошондой эле Азия өлкөлөрүнөн өлкөгө күн батареяларын пошлинасыз ташып келүүгө убактылуу уруксатты узартууну тапшырды. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтындагы билдирүүдө айтылат.

«Мен, Джозеф Р.Байден, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти, Америка Кошмо Штаттарынын конституциясы жана мыйзамдары тарабынан берилген ыйгарым укуктар боюнча, ушуну менен керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу үчүн жетиштүү электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдын бар экендигин жарыялайм.», — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын энергетикалык коопсуздугуна Орусия менен Украинанын ортосундагы аскерий кагылыштан, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам энергетикалык рыноктордогу камсыздоо үзгүлтүктөрү коркунуч алып келүүдө. Федералдык энергетикалык жөнгө салуу комиссиясынын жана Түндүк Американын электр энергиясынын ишенимдүүлүгү корпорациясынын болжолдоолору боюнча, бул факторлор жакынкы келечекте АКШда электр энергиясын өндүрүүдө көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Маселени чечүү үчүн Камбоджадан, Малайзиядан, Таиланддан жана Вьетнамдан алынып келинген "айрым күн батареялары жана модулдары" импорттук алымдардан эки жылга бошотулган. Кошумчалай кетсек, Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, 2022 жана 2023-жылдары электр энергетика тармагындагы жаңы кубаттуулуктун жарымынан көбүн күн орнотмолору жана батареялары түзүшү керек.

Буга чейин, 8-мартта АКШ бийлиги Орусиядан бардык энергия импортуна тыюу салган. Мунун фонунда АКШда бензиндин баасы кескин өстү. Май айында америкалык сенаторлор өлкөнүн энергетикалык кризисин жеңилдете турган келишимди талкуулай башташкан. Республикачылар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн миллиарддаган долларлык каржылоону ачууну, ал эми демократтар АКШда энергия өндүрүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салууну сунуштап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости