www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция: Украинага каршы согушта Орусия жеңет

Украинадагы атайын операцияда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери жеңиштен кабар берет. Бул тууралуу Франция — Орусия диалогу бюросунун мүчөсү Пьер Жантийе билдиргенин РИА Новости жазды.

"Орус армиясы жеңишинен эч ким күмөн санаган эмес. РФтин армиясы чыр-чатактан жеңүүчү болуп чыгат", — деген ал.

Жантийе Батыш ЖМКлары окурмандарына мурдагы совет республикасындагы кырдаал боюнча бурмаланган маалымат берип жатканын белгилеп, бирок алардын билдирүүлөрүнөн деле чыныгы абал ачык көрүнүп турганын кошумчалаган.

Ал Орусиянын аскерлери атайын операция башталганда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү бөлүктөрүн сындырып койгонун белгилеген.

Ошондой эле, Жантийе Москванын Северодонецк районундагы стратегиялык ийгиликтерине да маани берген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости