www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш башталгандан бери 32 журналист каза болду. Бул тууралуу 6-июнда Украинанын маданият жана маалымат саясаты боюнча министри Александр Ткаченко билдирди.

Бул күнү Украинада Журналисттер күнү белгиленет.

"Төрт айдан бери уланып жаткан толук масштабдуу согушта биз 32 кесиптешибизден айрылдык. Сегиз жылдан бери набыт кеткендердин саны андан көп. Силер баатырсыңар. Силердин каармандыгыңар, азыркы маалдагы ролуңар жана ишке берилген сапатыңар баа жеткис",- деп жазды Ткаченко өзүнүн Телеграм-каналына.

30-майда Северодонецкинин жанында франциялык BFMTV медиакомпаниясынын журналисти Леклер Имхофф каза болгон. Ал Луганск облусунан эвакуация болуп жаткан жайкын тургундар тууралуу репортаж жасап жатып, аткылоого туш болгон.

29-апрелде Киевде орус армиясынын чабуулунан "Азаттык" радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич көз жумган. Анын үйүнө ракета тийген.

23-апрелде Киевде орус армиясынын аткылоосунан The Insider басылмасынын тапшырмасы менен жүргөн орус журналисти Оксана Баулина каза болгон.

Согуш башталгандан бери Украинада көптөгөн журналисттер жарадар болуп, айрымдары дайынсыз жоголду.

Буга чейин "Чек арасыз кабарчылар" уюму Эл аралык кылмыш сотуна бир нече арыз менен кайрылып, Украинадагы согушта набыт кеткен журналисттердин өлүмүн согуш кылмыштарын тизмесине кошууну талап кылган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости