www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Украинанын Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүсүнө тыюу салып, аны РФти ооздуктоо үчүн курал катары колдонууда. Бул тууралуу Сергей Лавров Сербиянын телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

"Эки ай мурда Украина бул маселени кантип чечүү керектиги тууралуу сунушту киргизгендей болгон. Бул сунушту негиз катары алганбыз. Бир күндөн кийин Батыш процессти улантууга тыюу салды. Андан соң алар өз позициясын катаалдаштырып, Бучадагы чагымчыл окуя болду. Анын атайын даярдалганы көрүнүп эле турат", — деген дипломат.

Лавровдун ою боюнча, АКШ менен Улуу Британия Украинаны курал катары колдонуп жатат. Бул эки мамлекет Батыш башында турган атайын топту түзүп, ага НАТО менен Евробиримдик толугу менен баш ийүүдө.

Москва менен Киев жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу үчүн атайын операция башталгандан бери бир нече сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок апрель айында диалог үзгүлтүккө учураган. Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү процессин украин тарап токтотуп салганын айтып, Орусиянын келишим долбоору боюнча сунуштарына жооп бербей койгонун билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости